Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 23-январы № 14-б
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана "Бишкек-Ош" автомобиль жолунун участокторун кар күрткүлөрүнөн коргоо" долбоорун ишке ашыруу максатында:
1. Төмөнкү расмий тилде тиркелгендер (расмий эмес котормо) жактырылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы "Бишкек-Ош" автомобиль жолунун участокторун кар күрткүлөрүнөн коргоо" долбоору боюнча эл аралык келишимди түзгөн Алмашуу ноталарынын долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы "Бишкек-Ош" автомобиль жолунун участокторун кар күрткүлөрүнөн коргоо" долбоору боюнча Гранттык макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Алмашуу ноталарынын долбооруна жана Гранттык макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |