Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 10-марты № 76-б
Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустук инфекциянын кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө максатында, ошондой эле чекене тармакта калк үчүн бир жолу колдонулуучу медициналык маскалар жок болгондугуна байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустук инфекциянын кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча иш-чараларды каржылоо максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги үчүн башкаруучу эсеп жана бюджеттик эсеп ачсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин кампасынан юридикалык жана жеке жактардан келип түшкөн бир жолу колдонулуучу маскаларды жергиликтүү фармацевттик компаниялардын өтүнмөлөрү боюнча бир даанасын 6 (алты) сомдон сатууга чыгарсын, мында чекене сатыкта бир даанасы үчүн 10 (он) сомдон ашпаган наркын белгилөө менен бир жолу колдонулуучу медициналык маскаларды бир адамга 3 даанадан ашык сатууга жол бербесин;
ушул буйруктун 1-пунктунда аталган башкаруучу эсепке финансылык каражаттардын келип түшүүсүн жана бюджеттик эсептен каражаттарды сарптоону камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, финансылык жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |