Редакцияот 03.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын 3-февралы № 24-б

"Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын реестрине кирген жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген банктарда банктык эсептерди ачууга укуктуу экендиги аныкталсын.

2. Ушул буйрук расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 3-февралынан тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев