Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын З-февралы № 25-б
Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустун ташып киргизилишин алдын алуу жана жайылышына бегет коюу боюнча эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустун ташып киргизилишин алдын алуу жана жайылышына бегет коюу максатында эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине 30 000 000 (отуз миллион) сом бөлүп берсин;
- аталган каражаттарды "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджета жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорунда караштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул буйруктун 1 -пунктунда аталган каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктурүу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |