Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 3-февралы, № 26-б
1997-жылдын 27-мартында кол коюлган Минералдык-чийки зат ресурстарын изилдөө, чалгындоо жана пайдалануу жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун 19-беренесин, ошондой эле 2001-жылдын 28-сентябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин алкагында кооптуу өндүрүш объекттеринде өнөр жай коопсуздугун камсыздоо жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун 8-беренесин аткаруу үчүн:
1. Төмөндө көрсөтүлгөн эл аралык келишимдерге өзбекстан Республикасынын кошулуусуна макулдук берилсин:
- 1997-жылдын 27-мартында кол коюлган Минералдык-чийки зат ресурстарын изилдөө, чалгындоо жана пайдалануу жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- 2001-жылдын 28-сентябрында кол коюлган Кооптуу өндүрүш объекттеринде өнөр жай коопсуздугун камсыздоо жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- 2011-жылдын 18-октябрында кол коюлган, Кооптуу өндүрүш объекттеринде өнөр жай коопсуздугун камсыздоо жаатындагы кызматташуу жөнүндө 2001-жылдын 28-сентябрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз Карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ушул буйругунун 1-пунктунда көрсөтүлгөн эл аралык келишимдерге Өзбекстан Республикасынын кошулуусуна Кыргыз Республикасы макул экендиги жөнүндө кабарласын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |