КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 3-февралы № 29-б
Калктын финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жетишин камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Финансылык жеткиликтүүлүк боюнча стратегиянын (мындан ары - Стратегия) долбоорун иштеп чыгууга карата ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топко Стратегиянын долбоорунун төмөнкү негизги багыттары боюнча ведомстволук чакан топторду түзүү укугу берилсин:
- "Санариптик каржылоо";
- "Продуктуларды диверсификациялоо";
- "Финансылык сабаттуулук";
- "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо".
3. Аткаруу бийлиги системасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери Стратегиянын долбоорун иштеп чыгууга ведомстволор аралык жумушчу топтун жана ведомстволор аралык чакан топтордун ишине тартылган кызматкерлердин катышууларын камсыз кылышсын.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2020-жылдын 1-ноябрына чейин Стратегиянын долбоорун иштеп чыксын жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруу-методикалык жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (макулдашуу боюнча) жүктөлсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д. Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Финансылык жеткиликтүүлүк боюнча стратегиянын долбоорун иштеп чыгууга карата ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Тезекбаева Айнура Сарылбековна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча), ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Жапарова Элизат Маратовна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын жаңы финансылык продуктуларды иштеп чыгуу тобунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Кадыров Айбек Аскарович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын начальниги; |
Карабаева Аида Мырзакуловна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Майтпасов Мирлан Эшенкулович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Назаралиев Медетбек Тагайбекович | - | "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коомунун вице-президенти (макулдашуу боюнча); |
Сулайманбекова Жылдыз Сагыналиевна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча). |