Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 3-февралы № 40
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги биргелешкен жолугушуусуна катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын екмөттүк делегациясынын курамы (мындан ары - өкмөттүк делегациясы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Өкмөттүк делегация 2020-жылдын 4-5-февралында Тажикстан Республикасынын Исфара шаарына жиберилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Тиркеме
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын курамы
Разаков Жеңиш Парпиевич - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын жетекчиси;
Ботобаев Каныбек Калбаевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, жумушчу топтун жетекчиси;
Сарымсаков Манас Болотович.- Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары, укуктук маселелер боюнча жумушчу топтун жетекчиси;
Мамат уулу Чынгызбек - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчысынын орун басары;
Молдоисаев Жаныбек Турдубекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперта;
Салихов Кеңеш Каримович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Ураимов Илгиз Кубанычбекович - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин жардамчысы;
Абдураимов Бекназар Элмуратович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмам жер долбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун биринчи орун басары;
Рустамов Улан Кошоевич - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүмүнүн начальниги;
Махмутов Руслан Лманкулович- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын мамлекеттик чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын улук офицери;
Урмамбетов Бакытбек Дженалиевич - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо тобунун биринчи катчысы;
Казыбеков Замирбек Эргешович Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн биринчи катчысы;
Толеев Ардак Азизбекович Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматтын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги;
Бөрүбаев Назирбек Нарматович Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги;
Эргешов Абдиназар Мамытович Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Баткен филиалынын директору;
Мамаюсупов Исматила Абдуллаевич Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Сүлүктү-Лейлек филиалынын директору.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |