Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 27-марты № 108-б
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 короновирустук инфекциясын дүйнөдө пандемия деп жарыялагандыгына жана Кыргыз Республикасынын аймагында короновирустук инфекцияны жаны жуктургандар табылышына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу, тамак-аш менен камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети республикалык бюджеттен каралган каражаттардын эсебинен өзгөчө абалдын режимин камсыздоо милдеттерин аткаруу үчүн тартылган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматчыларын, ошондой эле блокпостторго тартылган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын аскер кызматчыларын белгиленген тартипте тамак-аш менен камсыздасын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган министрликтердин сметаларынын эсебинен «Тамак-аш азыктарын сатып алуу» 2218-беренеси боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине кошумча чыгымдар сметасын карасын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 27-марты № 108-б
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 короновирустук инфекциясын дүйнөдө пандемия деп жарыялагандыгына жана Кыргыз Республикасынын аймагында короновирустук инфекцияны жаны жуктургандар табылышына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймактарында өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу, тамак-аш менен камсыздоо максатында:
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 200-буйрукунун редакциясына ылайык
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети республикалык бюджеттен каралган каражаттардын эсебинен өзгөчө абалдын, өзгөчө кырдаалдын режимин камсыздоо боюнча милдеттерин аткаруу үчүн блокпостторго жана санитардык-карантиндик постторго тартылган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын аскер кызматчыларын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактво министрлигинин, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерин белгиленген тартипте тамак-аш менен камсыздасын.
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 200-буйрукунун редакциясына ылайык
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган министрликтердин сметаларынын эсебинен «Тамак-аш азыктарын сатып алуу» 2218-беренеси боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине кошумча чыгымдар сметасын карасын.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |