Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 4-февралы № 30-б
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда "Келечек үчүн билим" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрине Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри |
| М.Д Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда "Келечек үчүн билим" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын КУРАМЫ
Исаков К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, делегациянын жетекчиси; |
Муканбетов С.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министри; |
Чолпонбаев К.С. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри; |
Кочкоров А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри; |
Жаманкулов А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри; |
Абдыбалы тегин Суеркул | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Адилбек уулу Шумкарбек | - | Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору. |