Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 7-февралы № 39-б
Кытай Эл Республикасына коронавирустук инфекциянын дүрт чыгышына байланыштуу гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кытай Эл Республикасына төмөнкүдөй гуманитардык жардам көрсөтүлсүн:
- медициналык буюмдар түрүндө, 1-тиркемеге ылайык;
- дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар түрүндө, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган 2-тиркемеге ылайык гуманитардык жүктү жеткирүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы ушул буйруктун 1-пунктунда аталган гуманитардык жүктү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүгө көмөк көрсөтүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кытай Эл Республикасынын бийлигин маалымдоо жана жогоруда аталган гуманитардык жүктү алардын аймагы аркылуу өткөрүүгө жана тапшырып берүүгө расмий макулдук алуу боюнча иштерди жүргүзүшсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д. Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
Медициналык буюмдардын ТИЗМЕСИ
№ | Аталышы | Салмагы, кг | Саны (даана) |
1 | Маскалар, медициналык үч катмарлуу | 400 | 297215 |
2 | Медициналык халаттар | 200 | 9000 |
3 | Респиратордук маскалар | 100 | 700 |
Эскертүү: "Торугарт" автомобилдик өткөрүү пункту аркылуу ташып чыгарылуучу медициналык буюмдар.
|
| 2-тиркеме |
Дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын ТИЗМЕСИ
№ | Аталышы | Саны (даана) |
1 | Антисептикалык каражат "Beauty Септ" 60 мл | 30000 |
2 | Антисептикалык каражат "Beauty Септ" 100 мл | 30000 |
3 | Медициналык маскалар | 253250 |
4 | Респиратордук маскалар | 60000 |
Эскертүү: автомобилдик өткөрүү пункттары же аба өткөрүү пункттары аркылуу ташып чыгарылуучу дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар.