КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 10-февралы № 41-б
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставынын 8-беренесине (Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 174 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуунун № 1 тиркемеси), "Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Аалиев Азиз Кубанычбекович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы болуп 3 жылдык мөөнөткө дайындалсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |