Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 17-февралы № 45-б
2020-жылдын 21-22-февралында Беларусь Республикасынын Минск шаарында болуучу Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-беларусь биргелешкен комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) тогузунчу жыйынынын ишине катышуу үчүн:
1. Комиссиянын кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасына Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-беларусь биргелешкен комиссиясынын тогузунчу жыйынынын Протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү 2020-жылдын 20-23-февралында Беларусь Республикасынын Минск шаарына командировкага жиберилсин.
4. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасына министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын өкүлдөрүн, ошондой эле ишкер чөйрөнүн, илимдин жана маданияттын өкүлдөрүн алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча белгиленген тартипте ишке тартуу укугу берилсин.
5. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2008-жьлдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен-белгиленген ченемдерге ылайык командировакага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Тиркеме
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-беларусь биргелешкен комиссиясынын тогузунчу жыйынынын ишине катышуучу Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ
Боронов Кубатбек Айылчиевич | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы; |
Ибраимов Эрмек Султанович | Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси; |
Чодуев Эркинбек Урайымович | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш онер жайы жана мелиорация министри; |
Намазалиев Алтынбек Абдисаламович | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Мадмаров Азизбек Маматович | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; |
Ахматов Султан Маматович | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Айдарбеков Айбек Акматбекович | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы; |
Турдумамбетов Руслан Каныбекович | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы; |
Асанбеков Арстанбек Джоодатович | "Дастан" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Атагельдиева Аида Жумакадыровна | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана донордук жардамдарды координациялоо башкармалыгынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси, Комиссиянын катчысы; |
Исаков Ринат Майрамбекович | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин үчүнчү катчысы. |