Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 20-февралы № 49-б
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Беларусь Республикасынын Айыл чарба жана азык-түлүк министрлигинин ортосундагы Айыл чарба жана азык-түлүк тармагындагы экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Беларусь Республикасынын Айыл чарба жана азык-түлүк министрлигинин ортосундагы Айыл чарба жана азык-түлүк тармагындагы экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана Беларусь Республикасынын айыл чарба жана азык-түлүк министрлиги, мындан ары Тараптар деп аталып, теңчилик жана өз ара пайда көрүү принциптеринде айыл чарба жана азык-түлүк тармагындагы экономикалык, илимий-техникалык кызматташууну өнүктүрүү ниеттерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосунда түзүлгөн тарыхый экономикалык байланышты эске алуу менен төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене
Айыл чарба жана азык-түлүк тармагындагы экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтыкты Тараптар өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.
2-берене
Кызматташтык төмөнкү негизги багыттар боюнча ишке ашырылат:
өсүмдүк өстүрүүчүлүк, анын ичинде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнчүлүгү;
мал чарбачылыгы, анын ичинде асыл тукум иши;
ветеринария;
айыл чарба өндүрүшүн механикалаштыруу жана автоматташтыруу;
агроөнөр жай комплексинде чарба жүргүзүү методдорун өнүктүрүү жана өркүндөтүү;
экономика жана агрардык саясат, айыл чарба, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жаатындагы соода операцияларын жүзөгө ашырууда экономикалык жактан өз ара пайдалуу мамилелер;
айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү жана айыл чарба ишканаларынын жетекчилерин жана адистерин даярдоо жана кайра даярдоо.
3-берене
Тараптар өздөрүнүн компетенциясынын чегинде, Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык экономикалык кызматташтыктын түздөн-түз катышуучуларына Тараптардын мамлекеттеринде жүргүзүлүп жаткан экономикалык өзгөрүүлөрдүн шартында айыл чарба жана азык-түлүк тармагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты камсыз кылууга көмөк көрсөтүшөт жана жардам беришет.
Тараптар айыл чарба продукциясы, материалдар жана жабдуулар менен өз ара соода жүргүзүүгө көмөктөшөт жана аны кеңейтишет.
4-берене
Ушул Макулдашуунун алкагындагы кызматташтык төмөнкүдөй түрдө ишке ашырылат:
айыл чарбасындагы мал, үрөндүн үлгүлөрү жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн отургузуучу материалдары менен алмашуу;
өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү жана иштеп чыгуу;
адис-стажерлор менен алмашуу.
Кызматташтыктын башка түрлөрү Тараптардын өз ара макулдашуусу менен аныкталат.
5-берене
Тараптар белгиленген тартипте күчүнө кирген жана Тараптардын мамлекеттери катышкан жаныбарларды жана жаныбарлардан чыккан продукцияларды экспорттоо жана импорттоо боюнча ветеринардык талаптардын маселелери тууралуу эл аралык келишимдерден келип чыккан өздөрүнүн милдеттерин ырастайт.
6-берене
Тараптар өсүмдүктөрдү коргоо жана алардын карантини маселелери боюнча белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден келип чыккан өздөрүнүн милдеттерин карманып, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтери жана илдеттери, отоо чөптөр менен күрөшүү ыкмаларын колдонуу жана иштеп чыгуу тармагында кызматташат.
7-берене
Ушул Макулдашуунун жоболорун колдонууда же чечмелөөдө талаштар жана кайчы пикирлер келип чыккан учурда, аларды Тараптар консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечишет.
8-берене
Тараптар өз ара макулдашуу боюнча ушул Макулдашууга өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизиши мүмкүн.
9-берене
Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө экинчи тарапка жазуу жүзүндө билдирүүнү алган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүн жоготот.
20___-жылдын "___" ______________ шаарында ар бири кыргыз жана орус тилдериндеги бирдей күчкө ээ болгон эки түп нускада түзүлдү. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыкса, Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алат.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги үчүн |
| Беларусь Республикасынын Айыл чарба жана азык-түлүк министрлиги үчүн |