Редакцияот 20.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын 20-февралы № 53-б

"Эл аралык келишимдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген Бишкек шаарында 2016-жылдын 28-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен камсыздоо, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча Кредиттик макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө макулдашуу-каттын долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Макулдашуу-катка принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев