Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 20-февралы № 55-б
2020-жылы юбилейлик иш-чараларды уюштурууну жана өткөрүүнү тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы Юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2020-жылга жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралардын тизмеги 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) 2020-жылга өз иштерин пландаштырууда 2-тиркемеде аталган 2020-жылга юбилейлик иш-чаралардын тизмегин жетекчиликке алышсын.
3. Ушул буйруктун 1 жана 2-пункттарында аталган юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин, ишке тартылган министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын бюджеттеринин каражаттарынын, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| М.Д. Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
2020-жылга жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралардын ТИЗМЕГИ
№ | Иш-чаралардын аталышы | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булагы |
1 | Кыргызстандын мамлекеттик жана саясий ишмери, "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы | ММТМ, МКК (макулдашуу боюнча), КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) | Ишке тартылган министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын бюджеттеринин чегинде, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен |
2 | Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы | Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) | Ишке тартылган министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын бюджеттеринин чегинде, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен |
3 | 2010-жылдагы элдик Апрель революциясынын жана Ош шаарында, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы кайгылуу июнь окуясынын 10 жылдыгы | Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) | Ишке тартылган министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын бюджеттеринин чегинде, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен |
Кыскартуулардын тизмеси:
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
МКК | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы |
КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
|
| 2-тиркеме |
2020-жылга юбилейлик иш-чаралардын ТИЗМЕГИ
1. Корпоративдик маанидеги юбилейлик иш-чаралар | |||
№ | Иш-чаралардын аталышы | Жооптуу аткаруучулар | |
1 | Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрынын түзүлгөнүнүн 100 жылдыгы | ММТМ, КРӨнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театры | |
2 | М.Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын түзүлгөн күнүнүн 80 жылдыгы | ММТМ, М.Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры | |
2. Юбилейлик иш-чаралар | |||
№ | Мааракеси өткөрүлүүчү инсандар | Мааракелик дата (туулган күнүнө) | Жооптуу аткаруучулар |
1 | Алымбек датка, тарыхый инсан | 220 жыл | КРӨнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ММТМ, УИА, Ош шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) |
2 | Байымбет Абдрахманов (Тоголок Молдо), тарыхый инсан, демократ, поэт | 160 жыл | ММТМ, КРӨнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) |
3 | Көкө уулу Өтө (Жеңижок), тарыхый инсан, поэт | 160 жыл | ММТМ, КРӨнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) |
4 | Муратаалы Куренкеев, композитор, поэт | 160 жыл | ММТМ, КРӨнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) |
5 | Атай Огонбаев, Кыргыз ССРинин эл артисти, комузчу, обончу, композитор | 120 жыл | ММТМ, КРӨнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
6 | Жусуп Турусбеков, поэт, драматург | 110 жыл | ММТМ, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) |
7 | Жоомарт Бөкөнбаев, поэт, драматург, котормочу | 110 жыл | ММТМ, КРӨнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, КРӨнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
8 | Ахматбек Суюмбаев, мамлекеттик жана коомдук ишмер | 100 жыл | КРӨнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) |
9 | Төрөгелди Балтагулов, коомдук жана саясий ишмер | 100 жыл | КРӨнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
10 | Мукаш Абдыраев, Кыргыз ССРинин эл артисти, композитор | 100 жыл | ММТМ, КРӨнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) |
11 | Күлүйпа Кондучалова, мамлекеттик жана коомдук ишмер, "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку артыкчылык даражасынын ээси | 100 жыл | ММТМ, ТИМ, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) |
12 | Артык Мырзабаев, СССРдин эл артисти | 100 жыл | ММТМ, КРӨнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
13 | Болот Миңжылкиев, СССРдин эл артисти | 80 жыл | ММТМ, КРӨнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) |
Кыскартуулардын тизмеси:
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
УИА | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |