Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 20-февралы № 107
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги биргелешкен жолугушуусуна катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын курамы (мындан ары - Өкмөттүк делегация) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Өкмөттүк делегация 2020-жылдын 21-22-февралында Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарына жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жогоруда аталган биргелешкен жыйынды уюштурууга жана Баткен шаарында өткөрүүгө көмөк көрсөтсүн.
4. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр |
| М.Д. Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын КУРАМЫ
Мадумаров Акрам Камбаралиевич | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын жетекчиси; |
Бөрүбаев Назирбек Нарматович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү; |
Ботобаев Каныбек Калбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, жумушчу топтун жетекчиси; |
Сарымсаков Манас Болотович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары, укуктук маселелер боюнча жумушчу топтун жетекчиси; |
Мамат уулу Чыңгызбек | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчысынын орун басары; |
Рустенбеков Джаныш Султанкулович | - | Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси; |
Абдрахманов Алишер Орозбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Абдураимов Бекназар Элмуратович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун биринчи орун басары; |
Мурзаев Абдималик Мурзаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директорунун орун басары; |
Рустамов Улан Кошоевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүм начальниги; |
Махмутов Руслан Аманкулович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын мамлекеттик чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын улук офицери; |
Урмамбетов Бакытбек Дженалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо тобунун кеңешчиси; |
Кочкорбаев Сагын Абдумуталипович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси; |
Сапарбаев Айдин Кочкорбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык-укук департаментинин үчүнчү катчысы; |
Халмурзаев Абдибакыт Алыбаевич | - | Баткен облусунун прокурору; |
Исаков Рустам Абдувалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Мамасейитов Акылбек Садырбекович | - | Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги; |
Мийзаев Замир Тойчуевич | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Маркаев Каланбек Орозович | - | Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким; |
Бекмуратов Баймурат Асатович | - | Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким; |
Толеев Ардак Азизбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги; |
Эргешов Абдиназар Мамытович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Баткен филиалынын директору; |
Мамаюсупов Исматила Абдуллаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Сүлүктү-Лейлек филиалынын директору; |
Каримов Асылбек Абдырахманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальнигинин милдетин аткаруучу. |