Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 26-февралы № 58-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 8-январындагы № 1 "2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын шаарларынын жана калктуу конуштарынын социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, аймактарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында:
1. 2020-жылдын 1-мартынан тартып 31-майга чейин Кыргыз Республикасынын шаарларынын жана калктуу конуштарынын аймактарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлык жарыялансын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте 2020-жылдын март-майына Кыргыз Республикасынын шаарларынын жана айылдарынын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгышсын жана бекитишсин.
3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ушул буйруктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрүшсүн.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга жана менчигинин түрүнө карабастан чарбакер субъекттерге бюджетте каралган каражаттардын чегинде төмөнкүлөрдү камсыздоо сунушталсын:
- көчөлөрдү, короолорду тазалоо боюнча ишембиликтерди өткөрүү;
- административдик жана турак жай имараттарынын тышкы көрүнүшүн тартипке келтирүү;
- көчөлөрдө түнкү жарыктандырууну орнотуу;
- тосмолорду, дубалдарды талаптагыдай түргө келтирүү;
- жанаша жайгашкан аймактарды көрктөндүрүү;
- калктуу конуштарды жалпы жашылдандыруу боюнча иштерди жүргүзүү;
- муниципалдык жолдорду оңдоо;
- социалдык чөйрөнүн жана айылдык инфраструктура объекттерин оңдоо;
- башка иштердин түрлөрү.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), 2020-жылдын 15-апрелине, 15-майына карата үч айлыкты өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө, 5-июнуна карата жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктарын ушул буйруктун тиркемесине ылайык формада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымдашсын.
6. Жалпыга маалымдоо каражаттарына, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясына үч айлыктын алкагында өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүн кеңири чагылдыруу сунушталсын.
7. Ушул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
8. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| М.Д. Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Форма
Аймактарды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлык өткөрүү жөнүндө МААЛЫМАТ __________________________________________________________________ (облустар, Бишкек, Ош шаарлары) 2020-жылдын "__" _____________
№ | Иш-чаралардын аталышы | Облус боюнча бардыгы | Район боюнча | Шаар боюнча |
1 | Ишембиликтерге катышуучу уюмдардын, жамааттардын саны |
|
|
|
2 | Катышуучу адамдардын саны |
|
|
|
3 | Парктар, скверлер, бакчалар жасалды |
|
|
|
4 | Көчөлөргө түнкү жарыктандырууну орнотуу (км) |
|
|
|
5 | Бак тигүү, бардыгы, анын ичинде ийне жалбырактуулар (даана) |
|
|
|
6 | Ички жолдорду жана тротуарларды оңдоо (м) |
|
|
|
7 | Имараттардын фасаддарын оңдоо |
|
|
|
8 | Санитардык тазалоо, таштандыларды чыгаруу (тонна) |
|
|
|
9 | Арыктарды тазалоо (км) |
|
|
|
10 | Башка иштердин түрлөрү |
|
|
|
11 | Аткарылган иштердин болжолдуу наркы (миң сом) |
|
|
|
12 |
|
|
|
|