Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2021-жылдын 22-апрелиндеги № 430 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 26-февралы № 119
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 922 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жободо:
- 7-пунктунун 4-пунктчасы "Өкмөттүн чечимдерин," деген сөздөрдөн кийин "түзүмдүк бөлүм тейлеген багыттар боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдерин," деген сөздөр менен толукталсын;
- 9-пунктунун 8-пунктчасы "Өкмөттүн жана Премьер-министрдин чечимдерин" деген сөздөрдөн кийин ", түзүмдүк бөлүм тейлеген багыттар боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдерин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 10-тиркемесине:
4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
"3) Өкмөттүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышына комплекстүү мониторинг жүргүзүү.";
5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 12-пунктча менен толукталсын:
"12) Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигине тиешелүү аналитикалык маалыматтарды жана сунуштарды киргизүү менен, Өкмөттүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Катчылыгынан келип түшүүчү тиешелүү сунуштамалардын жана сунуштардын каралышы тууралуу маалыматтарды чогултуу жана комплекстүү талдоо.".
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |