Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 2-марты № 62-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Грузиянын Финансы министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасы менен Грузиянын ортосунда алып өтүлүүчү товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө алдын ала маалыматтарды алмашууну уюштуруу тууралуу макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министри |
| М.Д. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Грузиянын Финансы министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасы менен Грузиянын ортосунда алып өтүлүүчү товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө алдын ала маалыматтарды алмашууну уюштуруу тууралуу МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы (мындан ары - кыргыз тарап) менен Грузиянын Финансы министрлиги (мындан ары - грузия тарап), бирге Тараптар деп аталуу менен,
1997-жылдын 22-апрелинде Тбилиси шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Грузиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Бажы ишинде кызматташуу жана өз ара жардам берүү жөнүндө макулдашууну жетекчиликке алып,
өз мамлекеттеринин экономикалык кызыкчылыктарын коргоо максатында Тараптардын бажы органдарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнү камсыздоого умтулуп,
Кыргыз Республикасы менен Грузиянын ортосунда соода жүргүзүүгө көмөктөшүү үчүн шарттарды камсыздоо максатында Тараптардын мамлекеттеринин бажы чек аралары аркылуу (мындан ары - бажы чек аралары) алып өтүлүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык контролдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгын таанып,
Бириккен Улуттар Уюмунун, Дүйнөлүк бажы уюмунун стандарттарын жана сунуштамаларын, ошондой эле маалымат алмашуунун эл аралык практикасын эске алып,
чек арада бажы контролун маалыматтык камсыздоо үчүн шарттарды түзүүгө умтулуп,
бажы чек аралары аркылуу алып өтүлүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын аларды ташып киргизүү жеринде, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин аймактарындагы дайындалган бажы органдарында бажылык тариздөө жол-жоболорун тездетүү максатында,
2005-жылдын июнунда Дүйнөлүк бажы уюму тарабынан жактырылган Эл аралык сооданын коопсуздугун камсыз кылуунун жана жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнүн алкактык стандарттарын ишке ашыруу ыкмаларын иштеп чыгууну эске алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн төмөнкүлөрдү билдирген түшүнүктөр колдонулат:
алдын ала маалыматтар - бажы операциялары жана жол-жоболору ишке ашырылгандан кийин бажы чек арасы аркылуу алып өтүлүүчү товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө маалымат, аны Тараптар электрондук түрдө беришет;
маалымат алмашуунун техникалык шарттары - электрондук билдирүүлөрдүн түзүмүн, форматын жана маалыматтардын курамын аныктоочу шарттар, аларды Тараптар маалыматтык системаларды, алмашуу регламентин, алмашуу ыкмасын, маалыматтык системалардын программалык жана техникалык каражаттарына талаптарды пайдалануу менен алмашышат.
Тараптар төмөнкү максаттарга жетүү үчүн маалыматтарды алдын ала алмашышат:
- Тараптардын бажы органдарында бажы жол-жоболоруна товарларды жайгаштыруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүүнү тездетүү;
- тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонуу менен товарлар жөнүндө маалыматтарды талдоонун негизинде товарларды бажылык контролдоо формаларын жана чараларын колдонууну азайтуу.
2-берене.
Грузия тараптан ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп:
- Грузиянын Финансы министрлигинин Кирешелер кызматы саналат.
Тараптардын аталыштары же функциялары өзгөргөн учурда Тараптар дипломатиялык каналдар боюнча бири-бирине өз убагында кабарлоого тийиш.
3-берене.
Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагынан же Грузиядан башка Тараптын багыты боюнча ташылып чыккан же эки Тараптын аймактары аркылуу алып өтүлгөн товарларга жана транспорт каражаттарына карата гана бажы операцияларын жана жол-жоболорун ишке ашырууда алынган маалыматтарды алмашышат.
Алдын ала маалыматтар тийиштүү бажы жол-жобосу (экспорт, транзит ж.б.) боюнча товарлар чыгарылгандан кийин баруучу Тараптын мамлекетинин бажы чек арасынан товарлар жана транспорт каражаттары өткөнгө чейин жөнөтүлөт.
Алдын ала маалыматтарды алмашуу түздөн-түз Тараптардын ортосунда өз компетенцияларынын чегинде жана Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
4-берене.
Ушул Макулдашууга ылайык алынган маалымат бажы максаттары үчүн гана колдонулушу керек. Башка максаттар үчүн аны берген Тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана колдонулушу мүмкүн.
5-берене.
Тараптар ушул Макулдашуунун 3-беренесинин жоболорун ишке ашыруу үчүн Тараптардын жетекчилери тарабынан бекитилген техникалык шарттарды кабыл алышат.
Тараптар товарларга жана транспорт каражаттарына карата алдын ала маалыматтарды техникалык шарттарга ылайык маалыматтардын көлөмүндө беришет.
6-берене.
Тараптар алдын ала маалыматтарды алмашуунун жыйынтыгында алынган анык эмес маалыматтар аныкталган бардык учурлар жөнүндө бири-бирине маалымдашат.
7-берене.
Тараптар өздөрүнүн компетенттүү түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө бири-бирин маалымдашат, алар:
- маалымат алмашуунун техникалык шарттарын, коммуникация каражаттарын, маалыматтарды иштеп чыгуу жана берүү технологияларын, ошондой эле маалыматтарды коргоо боюнча талаптарды иштеп чыгышат жана макулдашышат;
- алдын ала маалыматтарды товарлардын конкреттүү партиясына жана (же) конкреттүү транспорт каражатына байланыштыруу ыкмасын макулдашышат;
- алдын ала маалыматтарды алмашууга жооптуу болуп эсептелишет.
8-берене.
Тараптардын мамлекеттеринин ортосунда алып өтүлүүчү товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө алдын ала маалыматтарды электрондук алмашуу технологиясын иштеп чыгуу үчүн ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында Тараптар тесттик сыноолорду ишке ашырышат.
Тараптар кат алмашуу жолу менен алдын ала маалыматтарды коргоо боюнча талаптарды, маалыматтарды берүү тартибин, түзүмүн жана форматын, алдын ала маалыматтардын негизги технологиялык принциптерин, алдын ала маалыматтарды конкреттүү товарлар жана транспорт каражаттары менен идентификациялоо тартибин, аларга карата алдын ала маалыматтар алмашылуучу транспорт каражаттарынын түрлөрүн, тесттик сыноолор ишке ашырылуучу Тараптардын аймактык бөлүмдөрүнүн тизмегин, ошондой эле аларды ишке ашыруу мөөнөтүн макулдашышат.
Ушул беренеде көрсөтүлгөн маселелер макулдашылгандан кийин Тараптар зарыл болгон уюштуруу жана техникалык иш-чараларды жүргүзүшөт жана тесттик сыноолорду ишке ашырууну баштоого даярдыгы жөнүндө бири-бирине жазуу жүзүндө кабарлашат.
Алдын ала маалыматтарды алмашуу боюнча тесттик сыноолорду ишке ашыруу мөөнөтү акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоону алган күндөн тартып алты айды түзөт. Бул мөөнөт зарыл болгон учурда Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча узартылышы мүмкүн.
9-берене.
Тесттик сыноолор аяктагандан кийин Тараптар алдын ала маалыматтарды туруктуу негизде алмашууну баштоо жөнүндө чечимди кабыл алышат.
Тараптар алдын ала маалыматтарды туруктуу негизде алмашууну баштоого даярдыгы жөнүндө бири-бирине жазуу жүзүндө кабарлашат.
10-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында Тараптар консультация жүргүзүшөт, алдын ала маалыматтарды алмашуу үчүн зарыл болгон маалыматтык-маалымдама материалдарды бири-бирине беришет.
11-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризделет.
12-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда консультация жана/же сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу чечилет.
13-берене.
Ушул Макулдашуу кол коюлган датадан тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу аныкталбаган мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бири анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө кабарламайынча колдонулат. Мындай учурда Макулдашуу аталган кабарлоону экинчи Тарап алган датадан тартып алты айдан кийин өзүнүн колдонулушун токтотот.
______________ шаарында 2020-жылдын "___" _____________ эки нускада, ар бири кыргыз, грузин жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө орус тилиндеги текст негиз катары колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы үчүн |
| Грузиянын Финансы министрлиги үчүн |