Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 3-марты № 64-б
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-сентябрындагы № 400-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн "САSА-1000" долбоору боюнча даярдык иш-чараларын координациялоо боюнча жумушчу топтун курамы ушул буйруктун ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министр |
| М.Д. Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
| Тиркеме |
"САSА-1000" долбоору боюнча даярдык иш-чараларын координациялоо боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
Чолпонкулов Маратбек Абжалбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси; |
Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Назаров Айтмамат Кошоевич | - | "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча); |
Тюменбаев Акылбек Рабаевич | - | "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун долбоорлорду ишке ашыруу боюнча аткаруучу директору, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча). |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Бакыт Асангул | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин кеңешчиси - өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи; |
Матиев Ырысмамат Шералиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы; |
Мамасыдыков Нурбек Бекболотович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын мамлекеттик инвестициялардын программалары бөлүмүнүн башчысы; |
Орозоев Улан Эсенбаевич | - | "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Раимкулов Рустанбек Имашевич | - | "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун долбоорлорду ишке ашыруу тобунун начальниги (макулдашуу боюнча); |
Усеков Нурдин Насрединович | - | "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун энергияны сатуу бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Джумалиев Кайрат Насерович | - | "САSА-1000" долбоорунун координатору (макулдашуу боюнча); |
Иманкулова Жанна Сатовна | - | "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун эл аралык кызматташтык жана долбоорлорду мониторингдөө бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча).". |