Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 5-марты № 66-б
Орто кесиптик билим берүү системасында ченемдик каржылоо моделин пилоттук апробациялоону жүргүзүү максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2020-жылдын 1-марты - 2020-жылдын 31-декабрында орто кесиптик билим берүү уюмдарында ченемдик каржылоо моделин пилоттук апробациялоону жүргүзсүн.
2. 2020-жылы ченемдик каржылоо моделин пилоттук апробациялоого катышуучу орто кесиптик билим берүү уюмдарынын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ушул буйруктун тиркемесинде аталган орто кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилерине төмөнкүдөй укуктар берилсин:
1) өндүрүштүк зарылчылыкка жараша штаттык ырааттаманы өз алдынча түзүүгө;
2) штаттык ырааттамага типтүү штатта каралган бир кызмат ордуна эмгек акынын жалпы фондунун чегинде башка кызмат орундарын киргизүүгө;
3) ушул буйруктун тиркемесинде аталган орто кесиптик билим берүү уюмдарынын уюштуруучулук түзүмдү жана штатты оптималдаштыруунун натыйжасында үнөмдөлгөн же бошотулган каражаттарды окуу материалдарын сатып алууга жана кызматкерлердин эмгегине дем берүүгө байланыштуу чыгымдарды жабууга жумшоого.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
1) орто кесиптик билим берүү уюмдарында ченемдик каржылоо моделин пилоттук апробациялоону жүргүзүүгө байланышкан керектүү уюштуруучулук-техникалык жана башка чараларды көрсүн;
2) ушул буйруктун тиркемесинде аталган орто кесиптик билим берүү уюмдарын бир студентке эсептегенде 2020-жылга каржылоонун убактылуу ченемдерин эсептесин жана бекитсин;
3) ченемдик каржылоо шартында ушул буйруктун тиркемесинде аталган орто кесиптик билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине дем берүүчү эмгек акыны эсептөө боюнча убактылуу методикалык сунуштамаларды иштеп чыксын жана бекитсин;
4) 2021-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө орто кесиптик билим берүү уюмдарындагы ченемдик каржылоо моделин пилоттук апробациялоонун жыйынтыктарын жалпыласын жана пилоттук долбоорду апробациялоонун жыйынтыгы жакшы болгон учурда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына ченемдик каржылоону мындан ары Кыргыз Республикасынын бардык орто кесиптик билим берүү уюмдарына жайылтуу боюнча сунуштарды киргизсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д. Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
2020-жылы ченемдик каржылоо моделин пилоттук апробациялоого катышуучу орто кесиптик билим берүү уюмдарынын ТИЗМЕСИ
№ | Орто кесиптик билим берүү уюмдарынын аталышы | Юридикалык дареги |
1 | Бишкек архитектура жана курулуштагы менеджмент колледжи | Бишкек шаары, Л.Толстой көчөсү, 62 |
2 | Жалал-Абад колледжи | Жалал-Абад шаары, Токтогул көчөсү, 16 |
3 | Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-кен-техникалык инновациялар жана экономика колледжи | Кызыл-Кыя шаары, Школьный көчөсү, 27 |
4 | К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Токмок агрардык өнөр жай колледжи | Токмок шаары, Гагарин көчөсү, 71 |
5 | Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык-экономикалык колледжи | Нарын шаары, Ленин көчөсү, 127 |
6 | М.И.Ибрагимов атындагы Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжи | Кара-Балта шаары, Кожомбердиев проспекти, 95 |
7 | Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжи | Балыкчы шаары, Аманбаев көчөсү, 208 |
8 | Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжи | Ош шаары, Масалиев проспекти, 52 |