Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы № 2-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын 5-марты № 69-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратындагы түзүмдүк өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-июлундагы № 245-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 7-пунктундагы "курулуш, транспорт жана коммуникациялар" деген сөздөр "санариптик трансформациялоо" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган буйруктун тиркемесинде:

- алтымыш үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформациялоо бөлүмүнүн башчысы;";

- алтымыш бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

 

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев