Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын 6-марты № 70-б

1. 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы кайчылаш жылга карата Жыйынтыкталган программанын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-июлундагы № 259-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган буйрук менен бекитилген 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясында жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасында кайчылаш жылына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамында:

- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык блок, инвестициялар, Евразия экономикалык бирлигинин маселелерин тейлеген вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;".

3. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - уюштуруу комитетинин төрагасына принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен, жогоруда аталган Жыйынтыкталган программага кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 54-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

 

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев