Редакцияот 09.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2020-жылдын 9-марты № 146

Ветеринария тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, Кыргыз Республикасынын Ветеринария кызматынын кызматкерлеринин күнүн майрамдоонун урматына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен төмөнкүлөр сыйланышсын:

Рыспеков Мухтар Рыспекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жаныбарларды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү системасын контролдоо бөлүмүнүн башчысы;

Бакиров Махаматжан Гапарович

-

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын ветеринардык-санитардык экспертиза лабораториясынын начальниги.

 

 

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев