Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 13-марты № 78-б
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо жана өлкөлүк максаттуу көрсөткүчтөргө жетүү процессин координациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жогорку деңгээлдеги комиссия (мындан ары - Жогорку деңгээлдеги комиссия) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жогорку деңгээлдеги комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча) Жогорку деңгээлдеги комиссиянын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
Премьер-министр |
| М.Д. Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жогорку деңгээлдеги комиссиянын КУРАМЫ
Экономикалык маселелерди тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Комиссиянын жетекчиси.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Экономика министри;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы.
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жогорку деңгээлдеги комиссия жөнүндө жобо
1-глава. Жалны жоболор
1. Ушул Жободо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жогорку деңгээлдеги комиссиянын (мындан ары - Комиссия) уюштуруу иши аныкталат.
2. Комиссия - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо жана өлкөлүк максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүү процессии координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген коллегиялык орган болуп саналат.
3. Комиссия өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын (Өкмөтүнүн актыларын, башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2-глава. Комиссиянын милдеттери жана функциялары
4. Комиссиянын негизги милдеттери:
1) аткарыла турган өлкөлүк максаттуу көрсөткүчтөрдүн реестрин
түзүү;
2) мамлекеттик органдарга - процесстин координаторлоруна бул максаттуу көрсөткүчтөрдү бекитүү;
3) аймактык башкаруу органдары үчүн максаттуу көрсөткүчтөрдү
түзүү;
4) министрликтерге жана ведомстволорго максаттуу көрсөткүчтөрдү, финансылык жана башка ресурстарды теңдештирүү маселелеринде кемек керсетуу;
5) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары учун макулдашуу жол-жоболорун еткерууде калыстын милдетин аткаруу.
5. Комиссиянын функциялары:
1) мамлекеттик органдардын пикирин эске алуу менен мамлекеттик органдарга - процесстин координаторлоруна аткарыла турган максаттуу керсеткучтерду бекитуу;
2) аймактык башкаруу органдарынын пикирин эске алуу менен аймактык башкаруу органдары үчүн максаттуу көрсөткүчтөрдү бекитүү;
3) максаттуу көрсөткүчтөрдү, финансылык жана башка ресурстарды теңдештирүү зарыл болгон учурда аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары үчүн макулдашуу жол-жоболорун өткөрүү;
4) бул процесстин бардык катышуучуларынын ишин жана салымдарын эске алуу менен төмөнкү деңгээлдер үчүн жазылган максаттуу көрсөткүчтөрдүн натыйжалуулугуна жетүү боюнча талаптарды аныктоо маселелеринде министрликтерге, ведомстволорго, аймактык башкаруу органдарына методикалык колдоо көрсөтүү;
5) ушул Жободо каралган Комиссиянын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка функцияларды аткаруу.
3-глава. Комиссиянын укуктары
6. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
1) белгиленген тартипте аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан, Кыргыз Республикасынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан зарыл болгон документтерди жана материалдарды сурап алууга;
2) жыйындарда Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилерин, Кыргыз Республикасынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкулдөрүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын угууга;
3) комиссиянын жыйындарында өзүнүн компетенциясына кирген тийиштүү маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын баалоого жана аларга сунуштарды берүүгө;
4) Комиссиянын алдына коюлган милдеттерди аткаруу үчүн белгиленген тартипте аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, башка уюмдардын адистерин, эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга.
4-глава. Комиссиянын ишин уюппуруу
7. Комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилет.
8. Комиссиянын катчылыгы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги эсептелет.
9. Комиссиянын ишине экономикалык маселелерди тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри жетекчилик кылат (мындан ары - Комиссиянын жетекчиси).
10. Комиссиянын жетекчиси Комиссиянын жыйындарында төрагалык кылат жана ишин уюштурат.
11. Зарылдыгына жараша өткөрулген жыйындар Комиссиянын ишинин негизги формасы болуп эсептелет.
12. Эгерде Комиссиянын жыйынында анын жарымынан кем эмес мучесу катышса, ал укуктуу болуп саналат.
13. Күн тартибинин долбоору жана Комиссиянын кароосуна чыгарылган маселелер боюнча материалдар Комиссиянын катчылыгы тарабынан даярдалат жана Комиссиянын мүчөлөрүнө жыйын өткөрүлгөнгө чейин жиберилет.
14. Комиссиянын жыйындарына эксперттик-консультациялык комок көрсөтүү үчүн мамлекеттик түзүлүш жана башкаруу чөйрөсүндө адистешкен эксперттер, илимий жана башка консультанттар чакырылышы мүмкүн.
15. Комиссиянын чечими жыйынга катышкан Комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, ага Комиссиянын төрагасы жана жооптуу катчысы кол коёт.
16. Комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштары тең чыккан учурда төрагалык кылган адамдын добушу чечүүчү болуп саналат.
17. өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган Комиссиянын чечимдери тийиштүү мамлекеттик органдарга Комиссиянын жыйындарынын протоколдорунун көчүрмөсү түрүндө жиберилет.
5-глава. Чечимдерди даярдоо жана кароо тартиби
18. Аткарыла турган максатуу көрсөткүчтөрдү бекитүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ортосунда талаш маселелерди кароо үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ченемдер менен бекитилген максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишин пландоо методикасына ылайык мамлекеттик органдарга - процесстин координаторлоруна аткарыла турган максаттуу көрсөткүчтөрү менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын пландарынын долбоорлору берилет.
19. Документтердин пакета толук келип түшкөндөн кийин Комиссиянын жыйынын өткөрүү күнү аныкталат.
20. Комиссия демилгеленген маселени кароонун жыйынтыгы боюнча талаш маселелерди чечет.