Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 16-марты № 81-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун арызынын негизинде (Бишкектеги ЕККУ программалык офис) 2011-жылы чыккан "Nissan Patrol" маркасындагы, кузовунун № JN1TFSY61Z0560437 кыймылдаткычынын № TB48066979, кыймылдаткычынын көлөмү 4759 см3, ак түстөгү автотранспорт каражатын белгиленген тартипте мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажылык жол-жобосунда жайгаштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын мамлекеттик менчикке кабыл алсын жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) ыкчам башкаруусуна берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын ыкчам башкарууга белгиленген тартипте кабыл алсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жапа өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |