КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 18-марты № 170
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 5-мартындагы № 136 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Тышкы соккулардын натыйжасындагы кесепеттерди минималдаштырууга жана экономикалык өнүктүрүүнү өбөлгөлөөгө багытталган экономикалык чараларды ишке ашыруу боюнча республикалык штабдын курамы:
- төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;";
- төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);";
- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма жетинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы (макулдашуу боюнча);"
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |