Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 23-марты № 96-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Туризм чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Туризм чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кувейт Мамлекетинин Өкмөтү,
экономикалык өнүктүрүүнүн фактору катары туризмдин маанилүүлүгүн таанып, ошондой эле эки мамлекеттин элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүүнү, ак ниеттүүлүктү жана достук мамилелерди чыңдоо үчүн,
туризм чөйрөсүндөгү кызматташууну бекемдөөнүн, күчөтүүнүн жана кеңейтүүнүн зарылдыгын белгилөө менен,
төмөнкүлөрдү макулдашты:
1-берене. Кызматташуу максаттары
1.1. Ушул Макулдашуунун алкагындагы Тараптардын кызматташуусунун негизги максаттарынан болуп Тараптардын мамлекетинин элдеринин ортосундагы достук мамилелерди, өз ара түшүнүүнү жана ак ниеттүүлүктү бекемдөө, ошондой эле туризм чөйрөсүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү саналат.
2-берене. Кызматташуу чөйрөсү
2.1. Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында кызматташууну төмөнкүдөй жолдор аркылуу бекемдешет жана өнүктүрүшөт:
- Тараптардын мамлекеттеринин тийиштүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Тараптардын мамлекеттеринин ортосунда туризм боюнча изилдөөлөрдү, фильмдерди, басылмаларды жана маалыматтарды алмашуу, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин туризм чөйрөсүндөгү тармактык мамлекеттик органдарынын ортосунда иш-сапарлар менен алмашуу;
- Тараптардын мамлекеттеринин маркетинг иш-чараларына, жарманке жана туристтик көргөзмөлөрүнө биргеликте катышуу;
- Тараптардын мамлекеттеринин ортосунда туризм чөйрөсүндө долбоорлорду түзүү жана аны ишке ашыруу;
- семинарларга бирге катышуудан тышкары, Тараптардын мамлекеттеринин институттарында жана адистештирилген борборлорунда окуу пландары жана методдору менен алмашуу, ошондой эле Тараптардын ортосундагы өз ара макулдашууга жетишилген учурда туризм, мейманкана тармагында билим алууда жана окутууда стипендияларды берүү.
3-берене. Кызматташуу шарттары
3.1. Тараптар Дүйнөлүк туристтик уюмдун ишинин алкагында улуттук туризм чөйрөсүндөгү кызматташууну координациялашат.
3.2. Тараптар ушул Макулдашуунун жоболорун жана максаттарын ишке ашырууга багытталган чараларды көрүү үчүн биргелешкен комиссия түзүшөт. Биргелешкен комиссиянын жыйындары зарылдыкка жараша өткөрүлөт.
3.3. Ушул Макулдашуу менен Тараптарга финансылык милдеттенмелер жүктөлбөйт. Эки тараптуу иш-чараларды ишке ашыруунун зарылдыгында Тараптардын мамлекеттеринин ыктыяры боюнча кошумча каржылоо булактары тартылат.
3.4. Ушул Макулдашуу Кыргыз Республикасы жана Кувейт Мамлекети катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу Тараптардын укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт.
4-берене. Талаштарды чечүү
4.1. Ушул Макулдашуунун бардык жоболорун ишке ашырууга же чечмелөөгө байланыштуу келип чыккан бардык талаштар дипломатиялык каналдар боюнча Тараптардын ортосундагы консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу өз ара макулдашуу жолу менен чечилет.
5-берене. Күчүнө кирүү, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана колдонулушун токтотуу
5.1. Ушул Макулдашуу ага эки Тарап тең кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
5.2. Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдашуусу менен өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар анын ажырагыс бөлүгү болгон өзүнчө протоколдор менен таризделет.
5.3. Ушул Макулдашуу беш (5) жылга түзүлөт жана ушундай эле мезгилге автоматтык түрдө узартылат.
5.4. Ушул Макулдашуунун күчү аны колдонууну токтотуу жөнүндө өзүнүн ниетин билдирген бир Тараптын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн экинчи Тарап алган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин токтотулат.
_____________________ шаарында 20___-жылдын "___" ____________________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, орус, англис жана араб тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылык күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Кувейт Мамлекетинин Өкмөтү үчүн |
________________________ |
| ________________________ |