Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 24-марты № 97-б
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө макулдашуу
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Россия Федерациясынын Тергөө комитети, өз мамлекеттеринин эгемендүүлүк жана көз карандысыздык принциптерине негизденип, өз ара түшүнүшүүнүн негизинде жазык сот өндүрүшү чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө умтулуп, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигин ишенимдүү коргоону камсыз кылуу зарылдыгын жетекчиликке алып, кылмыштуулукка, анын ичинде уюшулган жана улуттар аралык формаларына каршы натыйжалуу аракеттенүүнүн шарттарынын бири катары аталган чөйрөдө эл аралык-укуктук кызматташуунун маанилүүлүгүн эске алуу менен, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын жана эл аралык келишимдерин сактоодо өз компетенциясынын чегинде иш алып баруу менен ушул Макулдашууга ылайык ар тараптуу кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.
2-берене.
1. Тараптар төмөнкү негизги багыттар боюнча өз компетенциясынын алкагында кызматташат:
- Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган жазык-укуктук чөйрөдө эл аралык келишимдерди аткарууну уюштуруу жана камсыз кылуу;
- кылмыштуулукка, анын ичинде уюшулган жана улуттар аралык формаларына, экстремизмге, терроризмге, коррупцияга, экономика жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштуулукка жана коомчулук үчүн өтө коркунуч жараткан кылмыштардын башка түрлөрүнө каршы күрөшүү;
- адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигин коргоону камсыз кылуу;
- эксперттик-криминалисттик иш;
Тараптардын органдары үчүн кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
- илимий-изилдөө иши.
2. Кылмышкерлерди өткөрүп берүү жана жазык иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү маселелеринде өз ара аракеттенүү Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
"Токтом" МБ эскертүүсү: Берилген долбоордун 2-беренесинин абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 2-беренесинин абзацтарынын санына дал келбейт.
3-берене.
Тараптардын кызматташуусу төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:
- кылмыштарды алдын алууга, айкындоого, ачууга жана тергөөгө көмөк көрсөткөн, анын ичинде жасалган кылмыштар жана ага катыштыгы бар адамдар жөнүндө маалыматтар менен алмашуу;
- Тараптардын мамлекеттеринин органдарынын тергөө ишин уюштуруу боюнча иш тажрыйбасы, тергөө практикасы жөнүндө маалымат менен алмашуу;
- тийиштүү текшерүүлөрдү жүргүзүүдө, анын ичинде жасалган кылмыштар жөнүндө жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын арыздарын жана билдирүүлөрүн кароодо көмөк көрсөтүү;
- укук коргоо иши, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигин коргоо чөйрөлөрүндө Тараптардын мамлекеттеринде колдонулган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле ведомстволук басылмалар жана илимий-методикалык материалдар менен алмашуу;
- Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган жазык-укуктук чөйрөдөгү эл аралык келишимдерди аткаруу маселелери боюнча, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан, анын ичинде ар кандай эл аралык форумдарда талкууга чыгарылган маселелер боюнча жумушчу жолугушууларды жана консультацияларды өткөрүү;
- Тараптар үчүн кадрларды даярдоодо жана квалификациясын жогорулатууда, анын ичинде бир Тараптын кызматкерлерин экинчи Тараптын илимий жана билим берүү мекемелерине жиберүү аркылуу өз ара аракеттенүү;
- эксперттик изилдөөлөрдүн жаңы ыкмалары жана криминалистика тармагындагы жетишкендиктер жөнүндө маалыматтар менен алмашуу;
- биргелешкен илимий изилдөөлөрдү, илимий-практикалык семинарлар менен конференцияларды өткөрүү, биргелешкен илимий макалаларды даярдоо.
"Токтом" МБ эскертүүсү: Берилген долбоордун 3-беренесинин абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 3-беренесинин абзацтарынын санына дал келбейт.
4-берене.
Макулдашуу эки Тараптын тең кызыкчылыктарына жооп берген жана алардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдары менен эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келбеген, кызматташуунун башка өз ара алгылыктуу багыттары менен формаларын аныктоодо жана өнүктүрүүдө Тараптарга тоскоолдук кылбайт.
5-берене.
1. Ушул Макулдашуунун алкагында Тараптардын кызматташуусу көмөк көрсөтүү жөнүндө жана маалымат берүү тууралуу суроо-талаптардын негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Суроо-талап жазуу жүзүндө түзүлөт. Анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) суратуучу Тараптын аталышы;
б) суралуучу Тараптын аталышы;
в) суроо-талаптын негизи, максаты жана мазмуну;
г) суроо-талаптын аткарылышы күтүлгөн мөөнөттөр;
д) суроо-талапты аткаруу үчүн талап кылынышы керек болгон башка маалыматтар.
Зарыл болгон учурда суроо-талапка тийиштүү документтер тиркелет.
Суроо-талапка суратуучу Тараптын жетекчиси же ал ыйгарым укук берген адам кол коёт.
3. Кийинкиге калтырууга болбогон учурларда, суроо-талаптын тексти байланыштын техникалык каражаттарын пайдалануу менен кийин милдеттүү түрдө түп нускасы почта аркылуу жиберилиши мүмкүн.
4. Маалыматтар, материалдар жана башка документтер демилге көтөрүлүп жана суроо-талапсыз башка Тарапка өткөрүлүп бериле алат, эгерде сунушталуучу көмөк көрсөтүү бул Тарап үчүн кызыкчылык туудурат деп божомолдоого негиз болсо.
6-берене.
1. Суралуучу Тарап суроо-талаптын бат, мүмкүн болушунча толук жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу үчүн бардык керектүү болгон чараларды көрөт.
Суроо-талапты аткарууда суралуучу Тараптын мамлекетинин мыйзамдары колдонулат.
Суратуучу Тарап суроо-талапты аткарууда тоскоолдук жаратып жаткан же аны аткарууну кыйла кечиктирип жаткан жагдайлар тууралуу кечиктирилбестен кабарланат.
2. Суралуучу Тарап өзүнүн пикири боюнча суроо-талапты талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтарды суратып алууга укуктуу.
3. Суралуучу Тарап мүмкүн болгон кыска мөөнөттүн ичинде суроо-талаптын аткарылышынын жыйынтыгы жөнүндө суратуучу Тарапка маалымдайт.
7-берене.
Эгерде суралуучу Тарап суроо-талапты аткаруу өз мамлекетинин эгемендигине, коопсуздугуна же башка олуттуу кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн деп эсептесе же мамлекетинин мыйзамдарына же эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келсе, суроо-талапты аткаруудан толук же жарым-жартылай баш тартылышы мүмкүн. Мындай баш тартуунун себептери жөнүндө суратуучу Тарапка жазуу жүзүндө кабарланат.
8-берене.
1. Тараптардын ар бири ушул Макулдашуунун алкагында башка Тараптан алган жана купуялуулукту сактоо шартында берилген маалыматтар менен документтердин купуялуулугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрөт.
2. Тараптардын ар бири өз мамлекетинин мыйзамдарына ылайык башка Тарап өтүнгөн купуялуулуктун деңгээлин камсыз кылат.
3. Суралуучу Тараптан алынган маалыматтар менен документтер аларды берген Тараптын макулдугун алдын ала алуу менен гана, суралгандан башка да максаттар үчүн колдонулушу мүмкүн.
9-берене.
Тараптардын өкүлдөрү зарыл болгон учурда ушул Макулдашуунун негизинде кызматташтыкты бекемдөө жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерин кароо максатында жумушчу жолугушууларды жана кеңешүүлөрдү өткөрүшөт.
10-берене.
Ушул Макулдашуунун алкагында Тараптардын кызматташуу боюнча иш-чараларын координациялоо - түздөн-түз бири-бири менен байланыша алган Тараптардын төмөнкү бөлүмдөрүнө жүктөлөт:
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын атынан - Эл аралык-укуктук кызматташтык башкармалыгы;
Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин атынан - Эл аралык кызматташтык башкармалыгы, Башкы тергөө башкармалыгынын адамдарды эл аралык жана федералдык издөө маселелери боюнча өз ара аракеттенүү башкармалыгы.
2. Жогоруда аталган бөлүмдөр өзгөргөн учурларда Тараптар кечиктирбестен бири-бирине бул тууралуу кабарлашат.
11-берене.
Тараптар ушул Макулдашууну аткаруунун жүрүшүндө пайда болгон чыгымдарды эгерде, ар бир конкреттүү учурда Тараптар тарабынан чыгымдарды тартуунун башка тартиби макулдашылбаган болсо, Тараптардын каражаттарынын чегинде өз алдынча тартышат.
12-берене.
Тараптар ушул Макулдашуунун негизинде кызматташууда жана өз ара аракеттенүүдө орус тилин колдонушат.
13-берене.
Ушул Макулдашуу Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерден келип чыккан укуктар менен милдеттенмелерди козгобойт.
14-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда келип чыккан талаш-тартыштар менен кайчы пикирлер Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана кеңешүүлөр жолу менен чечилет.
15-берене.
1. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга өзүнчө протокол менен таризделүүчү, ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Мындай протоколдор ушул Макулдашуунун 16-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирет жана колдонулат.
2. Ушул Макулдашуунун 10-беренесинин 2-пункту менен каралган учурда, ушул Макулдашуунун 10-беренесинин 1-пунктуна өзгөртүүлөр менен толуктоолор Тараптардын кызматташуусу боюнча иш-чараларды координациялаган жана бири-бири менен түздөн-түз өз ара аракеттенүүгө ыйгарым укуктуу Тараптардын бөлүмдөрү өзгөргөндүгү тууралуу жазуу жүзүндө кабарламалар аркылуу тараптардын биринин демилгеси боюнча киргизилет.
Мындай кабарламалар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
16-берене.
Ушул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана аныкталбаган мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бири анын ишин токтотуу чечими жөнүндө бир Тараптан жазуу жүзүндөгү кабарламаны дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн тартып отуз (30) күн өткөнгө чейин күчүндө болот.
_____________________ эки нускада түзүлдү, ар бири кыргыз жана орус тилдеринде, эки текст тең бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы үчүн |
| Россия Федерациясынын Тергөө комитети үчүн |