КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 24-марты № 100-б
Салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүү маселелери боюнча координациялык кеңештин курамын актуалдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-январындагы № 3-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүү маселелери боюнча координациялык кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Асрандиев Эркин Шамшудинович Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары болуп киргизилсин;
- Координациялык кеңештин курамынан Аскаров З.М., Турдалиев Э.К. чыгарылсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |