Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 25-марты № 104-р
Бишкек шаарында 2020-жылдын 26-27-мартында өтө турган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы «COVID-19ra карата шашылыш чара көрүү» долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрине Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Тиркеме
Бишкек шаарында 2020-жылдын 26-27-мартында өтө турган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы «COVID-19ra карата шашылыш чара көрүү» долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын өкмвтунун расмий делегациясынын курамы
Чолпонбаев Космосбек
Сариевич - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри, расмий делегациянын башчысы;
Сарымсаков Манас
Болотович - Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
Боронбаева Элнура
Кочконовна - Кыргыз Республикасынын вкметуне караштуу Милдеттуу медициналык камсыздандыруу фондунун терагасы;
Абдыбалы тегин Суеркул - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Алыбаев Автандил
Шейшенбекович - Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Омуралиев Эрмек
Социалович - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алтынчы саясий департаментинин директору.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |