Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 30-марты № 115-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) долбоору тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Венгрия Өкмөтү (мындан ары "Макулдашуучу тараптар" деп аталат),
макулдашуучу эки тараптын өз ара пайдасы үчүн экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүнү каалап;
бир Макулдашуучу тарап мамлекеттин инвесторлорунун инвестициялары үчүн башка Макулдашуучу тарап мамлекеттин аймагында жагымдуу шарттарды түзүү жана колдоого ниеттенип жана
ден соолукту, коопсуздукту жана айлана-чөйрөнү коргоо, эл аралык жана улуттук деңгээлде таанылган адам укуктарын, эмгекчилердин укуктарын, корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин эл аралык стандарттарын колдоо жана коргоону камсыздоого умтулуп;
Макулдашуучу тараптардын туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшүүчү инвестициялоого дем берүүнү каалап;
инвесторлор жана кабыл алуучу мамлекеттин ортосунда укуктардын жана милдеттердин жалпы балансын камсыздоого умтулуп;
ушул Макулдашууга ылайык, инвестицияларды колдоо жана аларды өз ара илгерилетүү бул чөйрөдөгү ишкердик демилгесин өнүктүрүүгө дем бере тургандыгына ишеним артуу менен, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене. Аныктамалар
Бул Макулдашуунун максаттары үчүн төмөнкүдөй терминдер келтирилди:
1. "Инвестициялар" термини бир Макулдашуучу тарап мамлекеттин инвесторлорунун башка Макулдашуучу тарап мамлекеттин аймагында акыркы тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык экономикалык ишти жүргүзгөндүгүнө байланыштуу инвестицияланган активдердин бардык түрүн камтыйт, тактап айтканда, алар төмөнкүлөр:
а) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, ошондой эле ипотека, күрөө милдеттенмелери, күрөөлөр сыяктуу кыймылсыз мүлккө болгон ар кандай башка укуктар;
б) компаниялардын акциялары, материалдык баалуулуктары жана карыздык милдеттенмелери же компанияда болуунун ар кандай башка формалары;
в) инвестиция менен байланышкан экономикалык баалуулукка ээ болгон акча каражаттары же ар кандай жыйынтыктар боюнча талап кылуу укугу;
г) интеллектуалдык менчикке болгон укук, анын ичинде инвестициялык ишмердүүлүк менен байланышкан өнөр жайга болгон менчик укуктар, автордук укуктар, товардык белгилер, патенттер, өнөр жай үлгүлөрү, селекционерлердин укуктары, интегралдык микросхемалардын топологиясына укуктар, ноу-хау, жабык маалыматтарды коргоо, коммерциялык сыр, географиялык көрсөтмөлөр, фирмалык аталыштар жана репутациялык активдер;
д) мыйзам менен камсыз кылынган же контракт боюнча каралган ар кандай укуктар, ошондой эле мамлекеттин улуттук мыйзамдарга ылайык ар кандай лицензиялар жана уруксаттар, анын ичинде жаратылыш ресурстарын издөөгө, казууга, иштетүүгө концессия.
Активдер инвестицияланган форманын ар кандай өзгөрүшү инвестиция ишке ашырылып жаткан мамлекеттин аймагында Макулдашуучу тараптын улуттук мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык мындай өзгөртүү болгон шартта инвестиция катары алардын мүнөзүнө таасирин тийгизбеши керек.
2. "Инвестор" термини башка Макулдашуучу тарап мамлекеттин аймагына инвестиция жүргүзүп жаткан Макулдашуучу бир тараптын бардык жеке же юридикалык жактарын түшүндүрөт.
а) "жеке жак" термини Макулдашуучу тараптын биринин мамлекетинин анын улуттук мыйзамдарына ылайык жарандыгы бар болгон бардык жеке жактарды түшүндүрөт;
б) "юридикалык жак" термини Макулдашуучу тараптын ар бирине карата Макулдашуучу тараптын биринин мамлекетинин аймагында борбордук администрациясы же негизги иш алып баруучу орду бар, анын улуттук мыйзамына ылайык катталган же уюштурулган бардык юридикалык жакты түшүндүрөт.
3. "Кирешелер" термини инвестициялардын эсебинен алынуучу сумманы түшүндүрөт, алар: пайда, пайыз, капиталдын өсүшү, дивиденддер, роялти же сый акыны билдирет.
4. "Аймак" термини төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:
а) Кыргыз Республикасына карата - Кыргыз Республикасынын аймагы, анын ичинде Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына жана эл аралык укуктарга ылайык аларга карата Кыргыз Республикасы эгемендүү укугун жана юрисдикцияны ишке ашырган жерлер, ички суулар, жер казынасы жана аба мейкиндиги;
б) Венгрияга карата - эл аралык укуктарга ылайык Венгрия суверенитетти, суверендүү укуктарын же юрисдикция жүргүзгөн аймак.
5. "Эркин конвертациялануучу валюта" термини ар кандай Макулдашуучу тарап мамлекеттин улуттук мыйзамдарына карама-каршы келбеген жана Эл аралык валюта фонду эркин конвертациялануучу же эркин колдонулуучу валютанын деңгээлин кантип аныктагандыгынан көз карандысыз шартта эл аралык операциялар боюнча төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн кеңири колдонулган жана негизги эл аралык валюта рыногунда кеңири алмаштырылган валютаны түшүндүрөт.
6. "ИТЖЭБ" ИТЖЭБ Конвенциясына ылайык уюшулган, Инвестициялык талаштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борборду билдирет.
7. "ИТЖЭБ Конвенциясы" 1965-жылдын 18-мартында Вашингтон шаарында кол коюлган, мамлекеттер менен башка өлкөлөрдүн жарандарынын ортосундагы инвестициялык талаштарды жөнгө салуу жөнүндө Конвенцияны билдирет.
8. "ИТЖЭБдин механизмдеринин кошумча эрежелери" ИТЖЭБ Катчылыгы тарабынан териштирүүлөрдү жүргүзүү боюнча кошумча механизмдердин ишин жөнгө салуучу эрежелерди билдирет.
9. "ЮНСИТРАЛ арбитраждык регламенти" Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык соода укугу боюнча Комиссиясынын арбитраждык эрежелерин билдирет.
10. "ЮНСИТРАЛ ачык-айкындык эрежеси" келишимдердин негизинде инвесторлор жана мамлекеттердин ортосундагы арбитраждык териштирүүлөрдөгү ачык-айкындык жөнүндө ЮНСИТРАЛ эрежелерин билдирет.
2-берене. Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо
1. Ар бир Макулдашуучу тарап башка Макулдашуучу тараптын инвесторлору үчүн анын мамлекетинин аймагында алардын инвестиция жүргүзүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана колдойт жана мындай инвестицияларга улуттук мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык жол берет.
2. Ар бир Макулдашуучу тарап өзүнүн аймагында башка Макулдашуучу Тараптын инвестицияларына жана анын инвесторлоруна алардын инвестицияларына карата адилеттүү жана бирдей режим берет, ошондой эле ушул берененин 3-6-пункттарына ылайык толук коргоого жана коопсуздукка кепилдик берет.
3. Төмөнкү чаралар же чаралардын комплекси инвестицияларга карата адилеттүү жана бирдей режим берүү милдеттенмелерин бузгандыгын көрсөтөт:
а) кылмыштык, жарандык же административдик өндүрүштө сот адилеттигине жөнөтүүдөн негизсиз баш тартуу; же
б) процесстик ченемдердин баарын бузуу, анын ичинде ачык-айкындуулук принциптерин фундаменталдык бузуу жана соттук жана административдик териштирүүнүн жүрүшүндө сот адилеттүүлүгүнө натыйжалуу жеткиликтүүлүккө тоскоолдук кылуу; же
в) ачык өзүм билемдик; же
г) жынысы, расасы же диний көз караштары сыяктуу негизсиз себептер боюнча даректик басмырлоо; же
д) мажбурлоо, бийлик менен кыянат колдонуу же ушул сыяктуу мыйзамсыз жүрүм-турум.
Биринчи Макулдашуучу тараптын суроосу боюнча экинчи Макулдашуучу тарап адилеттүү жана бирдей режимди камсыздоо боюнча милдеттенмелердин мазмунун карап чыгышы мүмкүн.
4. Толугураак тактык үчүн "толук коргоо жана коопсуздук" инвесторлордун жана алардын инвестицияларынын жеке коопсуздугуна тиешелүү болгон Макулдашуучу тараптын милдеттенмелерин карайт, бул ата мекендик инвесторлорго жана алардын инвестицияларына кандай жеке коопсуздук камсыздалса чет өлкөлүк инвесторлорго жана алардын инвестицияларына да ошол деңгээлде камсыздоо дегенди түшүндүрөт, бирок кандайдыр бир башка милдеттенме эмес.
5. Ушул Макулдашуунун же өзүнчө эл аралык макулдашуунун башка жобосун бузуу ушул берененин жоболору бузулгандыгын күбөлөндүрбөйт.
6. Кабыл алынган чара улуттук мыйзамдарды бузгандыгы тууралуу факт ушул берененин жоболорун бузууга алып келбейт. Арбитраждык сот Макулдашуучу тарап ушул берененин 2-пунктунда каралган милдеттенмелерди бузуу менен иш алып баргандыгын баалашы керек.
7. Макулдашуучу тарап Макулдашуучу тарап мамлекеттердин эмгек мыйзамдарынын негизги ченемдерин жумшартуу жолу менен айлана-чөйрөнү коргоо, эмгекти же өндүрүштөгү ден соолукту жана коопсуздукту коргоо чөйрөсүндөгү ички мыйзамдардын талаптарын азайтуу жолу менен инвестицияны колдобойт. Эгер Макулдашуучу тараптардын бири башка Макулдашуучу тарапты ушундай колдоону сунуштап жатат деп эсептесе, анда экинчи Макулдашуучу тарап менен консультация өткөрүүнү сурай алат. Макулдашуучу тараптар мындай колдоого жол бербөө жөнүндө консультацияларды өткөрүшөт.
3-берене. Инвестициялар жана жөнгө салуу чаралары
1. Ушул Макулдашуунун жоболору калктын саламаттыгын коргоо жана бала багуу, коопсуздук, айлана-чөйрөнү коргоо жана коомдук үрп-адатты коргоо, мамлекеттик билим берүү, мамлекеттик окутуу, социалдык коргоо же керектөөчүлөрдү коргоо же маданий ар түрдүүлүктү колдоо жана коопсуздукту коргоо сыяктуу саясаттын мыйзамдуу саясий максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон чараларды Тараптардын өзүнүн аймагында колдонуу укугуна таасирин тийгизбейт.
2. Макулдашуучу тарап улуттук мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү жолу менен, анын ичинде инвестицияга терс таасирин тийгизген же инвесторлордун пайдага болгон ишенимин актабаган пайдага карата жөнгө салууну ишке ашырган факт ушул Макулдашуу боюнча милдеттенмелерди бузуу болуп саналбайт.
3. Көбүрөөк түшүнүктүү болушу үчүн, Макулдашуучу тараптын субсидияларды бербөө, узартпоо, төлөөнү улантпоо чечими:
а) ушул субсидияларды берүү, узартуу жана төлөөнү улантуу жөнүндө мыйзамдын же келишимдин чегинде кандайдыр бир так милдеттенмелер жок болгон учурда; же
б) субсидияларды берүү, узартуу жана төлөөнү улантуу шарттарына ылайык, ушул Макулдашуунун жоболорун бузуу болуп эсептелбейт.
Бул Макулдашууда эгер мындай чара Тараптар ортосундагы эл аралык милдеттенмелерди аткаруу үчүн зарыл болсо же компетенттүү сот, административдик трибунал жана башка компетенттүү орган тарабынан белгиленген болсо же бул Макулдашуучу тараптан инвесторго ордун толтуруп берүүнү талап кылса, эч нерсе Макулдашуучу тарапка субсидияны берүү же анын ордун толтурууну талап кылууну токтотууга тоскоолдук катары чечмеленбеши керек.
4-берене. Улуттук режим жана айрыкча жагымдуулук режими
1. Макулдашуучу тараптын ар бири экинчи Макулдашуучу тараптын инвесторлоруна жана инвестицияларына инвестицияларын өткөрүүгө, эксплуатациялоого, башкарууга, тейлөөгө, пайдаланууга жана сатууга же өз аймагында өзүнүн инвестицияларын колдонууга карата өз инвесторлоруна жана алардын инвестицияларына айрыкча жагымдуу болуп эсептелгенден кем эмес режимди сунуш кылат.
2. Ар бир Макулдашуучу тарап өзүнүн аймагында экинчи Макулдашуучу тараптын инвесторлоруна жана алардын инвестицияларына ушундай жагдайларда ал үчүнчү мамлекеттин инвесторлоруна же инвестицияларына карата өткөрүүгө, эксплуатациялоого, башкарууга, тейлөөгө, пайдаланууга жана сатууга же өз аймагында өзүнүн инвестицияларын колдонууга берилген режимден кем эмес жагымдуу режимди сунуш кылат.
3. Ушул берененин 2-пунктунда айтылып кеткен "режим" башка эл аралык инвестициялык келишимдерде жана ар кандай башка макулдашууларда каралган инвесторлор жана мамлекеттер ортосундагы инвестициялык талаштарды чечүү жол-жобосун камтыбайт. Башка эл аралык инвестициялык келишимдердеги жана башка соода макулдашууларындагы негизги милдеттенмелер өзүнөн өзү "режим" болуп эсептелбейт, демек, ушул милдеттенмелерге ылайык Макулдашуучу тараптын кабыл алынган же колдоого алынып жаткан чараларынын жоктугу бул беренени бузууга алып келбейт.
4. Улуттук режим жана айрыкча жагымдуулук режими жөнүндө ушул Макулдашуунун жоболору бажы, экономикалык же валюталык союздун, жалпы рыноктун же эркин соода зонасынын мүчөсү катарында Макулдашуучу тарап тарабынан анын милдеттенмелерине ылайык берилип жаткан артыкчылыктарга жайылтылбайт.
5. Макулдашуучу тараптар бажы, экономикалык же валюталык союздун, жалпы рыноктун же эркин соода зонасы сыяктуу эл аралык макулдашуулардан же өз ара келишимдерден келип чыккан милдеттенмелерди өзүнө камтыган бажы, экономикалык же валюталык союздун, жалпы рыноктун же эркин соода зонасынын мүчөсү катары Макулдашуучу тараптын милдеттенмелерин түшүнөт.
6. Ушул берененин жоболору бир Макулдашуучу тарапты экинчи Макулдашуучу тараптын инвесторлоруна же инвестицияларына же мындай инвесторлордун инвестициясынан түшкөн кирешесине карата төмөнкү учурларды Макулдашуучу тараптын биринчиси тарабынан узартыла ала турган ар кандай режимдин артыкчылыктарын, жеңилдиктерин берүүгө милдеттендирүү катары чечмеленбейт, алар:
а) Макулдашуучу тараптын бири тарап болгон же боло турган ар кандай көп тараптуу инвестициялар тууралуу макулдашуулардын ар кандай формалары менен;
б) салык салуу маселесине жарым-жартылай же толугу менен тиешеси бар ар кандай эл аралык макулдашуулар же келишимдер.
5-берене. Жоготууларды компенсациялоо
1. Эгер Макулдашуучу тараптардын биринин инвесторлорунун инвестициялары же инвестициядан түшкөн кирешелери экинчи Макулдашуучу тараптын аймагындагы согуштун, куралдуу конфликттин, өзгөчө абалдын, мамлекеттик төңкөрүштүн, көтөрүлүштүн, баш аламандыктын же башка ушул сыяктуу кырдаалдын натыйжасында жоготууларга дуушар болсо, аларга реституция, кайтарып берүү, компенсация же башка жөнгө салуу бөлүгүндө акыркы Макулдашуучу тарап өзүнүн инвесторлоруна же ар кандай үчүнчү мамлекеттин инвесторлоруна берген, кайсынысы көбүрөөк жагымдуу экендигине жараша, жагымдуу шарттардан, кем эмес шарттарда акыркы Макулдашуучу тараптын режими берилет.
2. Ушул берененин 1-пункту үчүн зыян келтирбестен, Макулдашуучу тараптардын биринин мамлекетинин инвесторлоруна ушул пунктта аталган кандай гана болбосун жагдайларда экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында төмөнкүлөрдүн натыйжасында зыян тартат:
а) күч ведомстволору же бийлик органдары тарабынан алардын инвестицияларын толук же жарым-жартылай реквизициялоонун;
б) согуштук иш-аракеттер же абалдын зарылчылыгы менен келип чыкпаган анын күч ведомстволору же бийлик органдары тарабынан алардын инвестицияларын толук же жарым-жартылай жок кылуунун.
Мамлекетинин аймагында чыгашалар болгон Макулдашуучу тарап адилеттүү, адекваттуу жана натыйжалуу ордун толтурууну же компенсацияны камсыздайт.
Компенсация чыгашалар пайда болгон күндөн тартып төлөнгөн күнгө чейин коммерциялык жактан негизделген ставка боюнча пайыздарды камтышы керек.
6-берене. Экспроприация
1. Макулдашуучу тараптын биринин мамлекетинин инвесторлорунун инвестициялары же кирешелери экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында мамлекеттик максаттарда болгон учурлардан тышкары улутташтырылбайт, түз же кыйыр түрдө экспроприацияланбайт (мындан ары "экспроприация" деп аталат) же ушуга окшош таасирге ээ болгон ар кандай башка аракеттер жүргүзүлбөйт. Экспроприация тиешелүү укуктук жол-жобого ылайык басмырлоосуз негизде жүргүзүлөт жана компенсацияларды тез, талаптагыдай жана натыйжалуу төлөө жөнүндө жоболор менен коштолот. Мындай компенсациянын суммасы экспроприациялоонун алдында же күтүлүүчү экспроприациялоо жөнүндө маалымат коомчулукка белгилүү болгон учурдан тартып (кайсынысы биринчи келээрине жараша) түздөн-түз экспроприациялануучу инвестициялардын рыноктук наркын түзүшү керек жана экспроприация болгон күндөн тартып иш жүзүндө төлөгөн күнгө чейин коммерциялык негизделген ставка боюнча пайыздарды камтышы керек жана токтоосуз жүргүзүлүшү керек, натыйжалуу ишке ашырылышы жана эркин конвертирленген валютага эркин которулушу керек.
2. Бул Макулдашуунун максаттары үчүн:
а) кыйыр экспроприация менчик укугун формалдуу түрдө өткөрүп берүүсүз же түздөн-түз басып алуусуз түз экспроприацияга окшош натыйжага ээ болгон Макулдашуучу тараптын чарасынын же чаралар комплексинин натыйжасы болуп эсептелет;
б) Макулдашуучу тараптын ар бир конкреттүү кырдаалга жараша көргөн чаралары же иш-чаралар комплекси кыйыр экспроприация экендигин аныктоодо ар бир конкреттүү учурда башка факторлордун ичинен төмөнкү учурларды эске алган жеке, фактыларга негизделген тергөөнү талап кылат:
(i) Макулдашуучу тараптын кандайдыр бир фактынын негизинде көрүп жаткан чаралардын же чаралар комплексинин экономикалык таасири инвестициянын экономикалык наркына жагымсыз таасирин тийгизет, мында кыйыр экспроприация болгондугун аныктабайт;
(ii) Макулдашуучу тарап көргөн чаралардын же чаралар комплексинин узактыгы;
(iii) чаралардын же чаралар комплексинин мүнөзү, атап айтканда алардын предмети жана мазмуну;
в) Макулдашуучу тараптар мамлекеттик кызыкчылык үчүн көргөн, анын ичинде калктын ден соолугун жана коопсуздугун коргоо, курчап турган чөйрөнү коргоо максатында көрүлгөн басмырлабаган чаралар жана максаттарын эске алуу менен жакшы ниет менен көрүлгөн чаралар эркин жана өз билемдик болбойт, алар кыйыр экспроприация болуп саналбашы керек.
7-берене. Акча каражаттарын которуулар
1. Макулдашуучу тараптар инвестициялар жана алардан түшкөн кирешелер менен байланышкан төлөмдөрдү акысыз которууга уруксат берет. Акча каражаттарын которуу эркин конвертирленген валютада инвестиция жүргүзүп жаткан Макулдашуучу тараптын улуттук мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык, кандайдыр бир чектөөсүз жана өзүн өзү актабаган кармап калууларсыз ишке ашырылат. Мындай которуулар өзүнө төмөнкүлөрдү камтышы керек, атап айтканда:
а) капитал жана инвестицияларды колдоо же көбөйтүү үчүн каалаган кошумча суммаларды;
б) ушул Макулдашуунун 1-беренесинин 3-пунктунда белгиленген инвестициялардан түшкөн кирешелерди;
в) роялти жана лицензиялык жыйымдар же башка ушул сыяктуу чыгымдарды төлөө сыяктуу инвестицияны жүргүзүүнүн натыйжасында пайда болгон чыгымдарды төлөө үчүн зарыл болгон суммаларды;
г) контракттар боюнча, анын ичинде кредиттик келишимдер боюнча төлөмдөрдү;
д) инвестицияларды толук же жарым-жартылай сатуу же жоюунун эсебинен түшкөн каражаттарды;
е) инвестиция жүргүзүлгөн Макулдашуучу тараптын улуттук мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык инвестициялар менен байланыштуу чет өлкөдөн тартылган жеке жактардын айлык акысы же башка ушул сыяктуу кирешелерди;
ж) ушул Макулдашуунун 5 жана 6-беренелерине ылайык каралган компенсацияларды;
з) ушул Макулдашуунун 9-беренесине ылайык талаштарды жөнгө салуунун натыйжасында пайда болгон төлөмдөрдү.
2. Акча каражаттарын которуу инвестор инвестициялар жүргүзүлгөн Макулдашуучу тараптын аймагында иштеп жаткан улуттук мыйзамдарга ылайык өзүнүн бардык финансылык милдеттенмелерин аткаргандан кийин гана жүргүзүлөт.
3. Ушул беренедегилер Макулдашуучу тарапка адилеттүү жана басмырлоосуз мамиле кылууну колдонууга жолтоо болуучу катары чечмеленбеши керек, төмөнкүлөргө тиешелүү акча каражаттарын которуу үчүн анын улуттук мыйзамдарын толук чектөөнү караган учурларды кошпогондо:
а) банкроттук, кудуретсиздик же кредиторлордун укуктарын коргоо;
б) баалуу кагаздарды чыгаруу, соода жүргүзүү же алар менен операцияларды ишке ашыруу;
в) жазалануучу жазык кылмышы;
г) финансылык отчёттуулук же каражаттарды которуунун эсеби, бул укук коргоочу органдарга жана финансылык жөнгө салуу органдарына жардам берүү үчүн зарыл болгон учурда; же
д) соттук чечимдерди сот процессинде канааттандыруу.
4. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн акча каражаттарын которгон финансылык мекеме, инвестицияны кабыл алган Макулдашуучу тараптын мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык жарыяланган курс, эгер башкача макулдашылбаса, алмаштыруучу курс болуп саналат. Эгерде мындай курс жок болсо, расмий курс колдонулат, эгерде башкача макулдашылбаса.
8-берене. Суброгация
1. Эгерде Макулдашуучу тараптардын бири же анын ыйгарым укуктуу уюму экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында өзүнүн инвестицияларына карата берген кепилдик же камсыздандыруу боюнча өз инвесторлоруна төлөөлөрдү жүргүзсө, экинчи Макулдашуучу тарап төмөндөгүлөрдү тааныйт:
а) мыйзамдарга ылайык же ушул өлкөдөгү мыйзамдуу бүтүмдөргө ылайык биринчи Макулдашуучу тараптын инвесторунун же анын ыйгарым укуктуу органынын ар кандай укуктарын же талаптарынын укуктарын өткөрүп берүүнү, ошондой эле
б) биринчи Макулдашуучу тараптын же анын ыйгарым укуктуу органынын укуктарды ишке ашыруу жана ушундай талаптарды камсыз кылуу жана суброгация күчүндөгү инвестицияга байланышкан бардык милдеттенмелерин моюнуна алуу укугун.
2. Суброгациянын укуктары же талаптары инвестордун баштапкы укуктарынан же талаптарынан ашпоого тийиш.
9-берене. Макулдашуучу тараптардын ортосундагы инвестициялык талаштарды жөнгө салуу
1. Башка Макулдашуучу тараптын аймагында инвестиция менен байланыштуу биринчи Макулдашуучу тарап менен экинчи Макулдашуучу тараптын ортосунда пайда боло турган ар кандай талаш мүмкүндүккө жараша тынчтык жолу менен чечилиши керек жана талаштар тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн предмети болушу керек.
2. Сүйлөшүүлөр качан биринчи Макулдашуучу тараптын талашып-тартышып жаткан инвестору башка Макулдашуучу тараптан жазуу жүзүндө маалымдоо менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сураган күндөн тартып башталат. Талашты тынч жөнгө салууга көмөк көрсөтүү максатында жазуу жүзүндөгү маалымдамада маселелер, иш жүзүндөгү талаш-тартыштардын негиздери, талашып-тартышып жаткан инвестордун тыянактары (анын ичинде ар кандай ырастоочу документтер) жана алардын болжолдуу укуктук негиздери көрсөтүлөт. Эгер башкача макулдашылбаса, анда биринчи Макулдашуучу тараптын талашып-тартышып жаткан инвестору экинчи Макулдашуучу тарапты жазуу жүзүндөгү маалымдамада сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сураган күндөн тартып 90 күн аралыгында жок дегенде бир консультация өткөрүлүшү керек.
3. Эгер биринчи Макулдашуучу тарап менен экинчи Макулдашуучу тараптын инвесторлорунун ортосундагы кандайдыр бир талаш жазуу жүзүндөгү маалымдамада мындай сүйлөшүүлөр суралган күндөн кийин он эки ай аралыгында жөнгө салына албаса, анда инвестор талашты төмөнкүлөргө кароого берүүгө укуктуу:
а) инвестиция жүргүзүлгөн Макулдашуучу тараптын аймагындагы компетенттүү сотко; же
б) эгер Макулдашуучу тараптын экөө тең бул Конвенциянын катышуучулары болсо, ИТЖЭБ Конвенциясынын жоболоруна ылайык ИТЖЭБке; же
в) ЮНСИТРАЛ арбитраждык регламентине ылайык уюшулган атайын арбитраждык сотко (ad hoc). Тараптар талашта бул арбитраждык тартиптен баш тартуу тууралуу жазуу жүзүндө келише алышат, же
г) талашып жаткан тарап, же Макулдашуучу тараптын биринин мамлекетинин инвестору, бирок экөө тең эмес ИТЖЭБ Конвенциясынын катышуучусу болуп саналган шартта ИТЖЭБдин Кошумча механизмдеринин эрежелерине ылайык; же
д) талашта тараптар тарабынан макулдашылган талашты жөнгө салуунун ар кандай башка формасына кайрылууга.
4. Талаш 3-пункттун "а"-"д" пунктчаларында эскертилген соттордун бирине өткөрүлүп берилгенден кийин инвестор 3-пункттун "а"-"д" пунктчаларында аталган талашты жөнгө салуунун башка каражаттарына кайрылбашы керек.
5. Эгерде биринчи Макулдашуучу тарап менен экинчи Макулдашуучу тараптын инвесторунун ортосундагы кандайдыр бир талаш ушул берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөндөй жазуу жүзүндөгү мындай сүйлөшүүлөр суралган датадан кийин он эки ай аралыгында жөнгө салына албаса жана талашып жаткан инвестор талашты 3-пункттун "а"-"д" пунктчаларында саналган соттордун бирине кароого өткөрүп берүүнү ниеттенсе, анда талашып жаткан инвестор өзүнүн ниети жөнүндө башка Макулдашуучу тарапты жазуу жүзүндө кабарлоо менен бир эле учурда ар кандай талашты арбитраждык соттордун бирине өткөрүп берүүгө тийиш.
6. Эгер инвестор болжолдонуп жаткан бузуу тууралуу маалыматты билгенден же билиши керек болгон күндөн үч жылдан ашык убакыт өтө элек болсо жана ошонун таасиринен инвестор чыгым тартканын же зыян тартканын билсе, инвестор 1 жана 2-параграфтарда эскертилген талашты 3-пунктка ылайык арбитражга өткөрүп бере алат.
7. Өзүнүн чечимин чыгарууда арбитраждык сот бул макулдашууну эл аралык келишимдердин укуктары жөнүндө Вена конвенциясына жана Макулдашуучу тараптардын ортосунда колдонула турган башка ченемдерге жана башка эл аралык укуктардын принциптерине ылайык чечмелөөдө колдонот. Макулдашуучу тараптардын улуттук укуктары колдонулуп жаткан укуктардын бөлүгү катары эсептелбейт. Венгрияга карата "ички укуктар" термини өзүнө Европа Союзунун мыйзамдарын камтыйт.
8. Ушул берененин 3-пунктунун "б"-"д" пунктчаларында эскертилген сот Макулдашуучу тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык бул Макулдашууну өз ара бузууну билдирген ушул же башка чаранын мыйзамдуулугун аныктоо үчүн юрисдикцияга ээ эмес. Ушул Макулдашуу боюнча бул же башка чаранын шайкеш келгендигин аныктоодо сот Макулдашуучу тараптардын улуттук мыйзамдарын зарыл болгон учурда иш жүзүндө карай алат. Мында сот улуттук мыйзамдар менен сотторго же ушул Макулдашуучу тарапка башка органдар тарабынан берилген үстөмдүк кылган чечмелөөнү жетекчиликке алат жана сот тарабынан улуттук мыйзамдарга берилген ар кандай маани сот үчүн же ушул Макулдашуучу тараптын башка органдары үчүн милдеттүү болуп эсептелбейт.
9. Соттун мүчөлөрү катары дайындалган арбитрлер көз карандысыз болушу керек. Алар төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) кайсы өкмөт болбосун аны менен кызматташпоого;
б) кайсы болбосун уюмдан же Өкмөттөн талаш-тартышка байланышкан маселелерге карата кандай болбосун нускамаларды кабыл албоого;
- түздөн-түз кызыкчылыктардын кагылышуусун пайда кыла алган кандай болбосун талаш-тартыштарды кароого катышпоого. Арбитрлер эл аралык арбитражда кызыкчылыктардын кагылышуусуна тиешеси бар Эл аралык адвокаттардын ассоциациясынын жетектөөчү принциптерин сактоого милдеттүү. Мындан тышкары, арбитраждык соттун мүчөлөрү катары дайындалгандан кийин алар каралып жаткан кандай болбосун башка талаш-тартыштарга же ушул же кайсы болбосун башка эл аралык макулдашуу боюнча жаңы инвестициялык талаш-тартышка катышкан тараптын эксперти же күбөсү катары катышуудан оолак болушу керек. Тараптар ушул беренеден келип чыгуучу, кодексти сактоо жөнүндө чечимдерди соттун курамынын үчүнчү тарабы кабыл алуучу талаш-тартыштарда колдонуу үчүн арбитрлердин атайын жүрүм-турум кодексин кабыл алат.
10. Чечим талаш-тартыштын тараптары үчүн акыркы жана милдеттүү болууга жана аймагында инвестициялоо жүргүзүлгөн Макулдашуучу тараптын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык аткарылууга тийиш жана чечимдин аткарылышы чечимде көрсөтүлгөн күнгө чейин да суралат.
11. Макулдашуучу тараптар өз ара жана башка соода өнөктөштөрүнүн ортосундагы инвестициялык талаш-тартыштарды чечүү үчүн көп тараптуу инвестициялык сотту жана аппеляциялык механизмди түзүүгө умтулушу керек. Макулдашуучу тараптардын ортосунда ушул Макулдашуудан келип чыгуучу талаш-тартыштарга колдонула турган көп тараптуу инвестициялык сотту жана/же көп тараптуу апелляциялык механизмди түзүүнү караган эл аралык макулдашуу күчүнө киргенден кийин ушул Макулдашуунун тиешелүү бөлүгү колдонулбай калат.
10-берене. Макулдашуучу тараптардын ортосундагы талаш-тартыштарды жөнгө салуу
1. Макулдашуучу тараптардын ортосундагы ушул Макулдашууну чечмелөөгө же колдонууга карата талаш-тартыштар мүмкүнчүлүккө жараша консультацияларды же сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу чечилет.
2. Эгерде талаш-тартыш кайсы болбосун Макулдашуучу тараптын суранычы боюнча тогуз айдын ичинде ушундайча жөнгө салынбаса, ал ушул берененин жоболоруна ылайык үч мүчөдөн турган арбитраждык сотко өткөрүлүп берилүүгө тийиш.
3. Арбитраждык сот ар бир өзүнчө иш боюнча төмөнкүдөй түзүлөт:
- арбитражды өткөрүү жөнүндө суроо-талапты алган күндөн тартып эки айдын ичинде Макулдашуучу тараптардын ар бири соттун бирден мүчөсүн дайындайт. Бул эки мүчө андан кийин Арбитраждык соттун төрагасы (мындан ары "Төрага" деп аталуучу) тарабынан дайындалуучу үчүнчү мамлекеттин жаранын тандайт. Төрага эки башка мүчө дайындалган күндөн тартып үч айдын ичинде дайындалат.
4. Эгерде, ушул берененин 3-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде зарыл болгон дайындоолор жүргүзүлбөсө, дайындоо жөнүндө суроо-талап Эл аралык соттун Төрагасына жиберилиши мүмкүн. Эгерде Төрага кайсы бир Макулдашуучу тараптын мамлекетинин жараны болуп саналса же эгерде Төрага башка себептер менен аталган функцияны аткара албаса, анда дайындоолор төраганын орун басары тарабынан жүргүзүлөт. Эгерде төраганын орун басары ошондой эле кайсы бир Макулдашуучу тараптын жараны болсо же ага көрсөтүлгөн функцияны аткарууга уруксат берилбесе, анда Эл аралык соттун жашы боюнча улуу жана кайсы бир Макулдашуучу тараптын мамлекетинин жараны болуп саналбаган мүчөсү дайындоо үчүн чакырылууга тийиш.
5. Арбитраждык сот чечимин көпчүлүк добуш менен чыгарат.
6. Сот өзүнүн чечимин укукту, ушул Макулдашуунун жоболорун, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин сыйлоонун негизинде чыгарат.
7. Макулдашуучу тараптар кабыл алган башка жоболорду эске алуу менен сот өзүнүн иштөө регламентин өзү аныктайт.
8. Ар бир Макулдашуучу тарап өзүнүн арбитрине жана арбитраждык териштирүүлөрдөгү анын өкүлчүлүгүнө байланышкан чыгымдарды тартат. Төраганын ишин камсыздоого байланышкан чыгымдар жана башка чыгымдар Макулдашуучу тараптын экөөсү тарабынан тең бирдей үлүштө жабылууга тийиш. Арбитраждык сот чыгымдарга карата башка чечим кабыл алышы мүмкүн.
9. Соттун чечимдери ар бир Макулдашуучу тарап үчүн акыркы жана милдеттүү болуп саналат.
11-берене. Ачык-айкындуулук
Ушул Макулдашуу боюнча талаш-тартыштарга инвесторлор менен мамлекеттердин ортосундагы талаш-тартыштар боюнча арбитраждык териштирүүлөрдүн контекстинде ЮНСИТРАЛ ачык-айкындык эрежелери колдонулат. Ушул Макулдашууда камтылган бардык маселелерге карата Өкмөттүн деңгээлинде кабыл алынган жалпы колдонуудагы эрежелерге карата, Макулдашуучу тараптар мындай эрежелер күчүнө киргенге чейин көп убакыт мурун өзүнүн расмий гезитинде эрежелерди токтоосуз жарыялайт. Ушул Макулдашуунун Макулдашуучу тараптарынын биринин мамлекетинин суроо-талабы менен ачык-айкындуулук практикасы жөнүндө маселелер боюнча консультациялар жүргүзүлүшү мүмкүн.
12-берене. Башка эрежелерди жана атайын милдеттенмелерди колдонуу
Ушул Макулдашууда эч бир нерсе болгон же келечекте боло турган, алар тараптары болуп саналган эки тараптуу же көп тараптуу макулдашууда каралышы мүмкүн болгон кандай болбосун жагымдуураак режимдин эсебинен артыкчылыктарды алууга Макулдашуучу тараптын инвесторлорунун укуктарын чектөө үчүн колдонулбашы керек.
13-берене. Ушул Макулдашуунун колдонулушу
Ушул Макулдашуу Макулдашуучу тараптардын биринин мамлекетинин аймагында анын улуттук мыйзамдарына ылайык экинчи Макулдашуучу тараптын инвесторлору тарабынан жүзөгө ашырылуучу инвестицияларга карата ушул Макулдашуу күчүнө киргенге чейин, ошондой эле күчүнө киргенден кийин колдонулат, бирок ушул Макулдашуу күчүнө киргенге чейин пайда болгон же жөнгө салынган инвестицияларга байланыштуу кандай болбосун талаш-тартышка же талапка колдонулбайт.
14-берене. Консультациялар
Макулдашуучу тараптардын биринин мамлекетинин суроо-талабы боюнча экинчи Макулдашуучу тарап ушул Макулдашууну чечмелөө же колдонуу маселелери боюнча консультацияларды жүргүзүүгө макул болот.
Кайсы болбосун Макулдашуучу тараптын суроо-талабы боюнча Макулдашуучу тараптар ушул Макулдашуунун таасири жайылтылган экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин мыйзамдарынын, эрежелеринин, чечимдеринин, административдик тажрыйбасынын же жол-жоболорунун, саясатынын инвестицияларга тийгизиши мүмкүн болгон таасири жөнүндө маалымат алмашышат.
15-берене. Жалпы алып салуулар
1. Ушул Макулдашууда эч бир нерсе Макулдашуучу тарапка акылга сыярлык себептер боюнча чараларды кабыл алууга же колдоого тоскоолдук кылуучу катары чечмеленбеши керек, анын ичинде төмөнкүлөр боюнча:
а) инвесторлорду, аманатчыларды, камсыздандыруучуну же фидуциардык милдети финансылык кызматтарды көрсөтүүчүгө жүктөлгөн жактарды коргоо; жана
б) Макулдашуучу тараптын финансылык системасынын бүтүндүгүн жана туруктуулугун камсыздоо.
Эгер мындай чаралар ушул Макулдашуунун жоболоруна шайкеш келбесе, алар Макулдашуучу тараптын Макулдашуу боюнча милдеттенмелеринен баш тартуунун себептери катары колдонулбашы керек. Ушул Макулдашууда эч бир нерсе Макулдашуучу тарапка айрым кардарлардын ишине жана эсептерине тиешелүү же мамлекеттик органдардын тескөөсүндө турган кандай болбосун купуя же кызматтык маалыматты ачыкка чыгарууга карата талап катары чечмеленбеши керек.
2. а) Ушул Макулдашууда эч бир нерсе Макулдашуучу тарап үчүн акча каражаттарын которууну чектөөчү чараларды кабыл алууга жана колдоого тоскоолдук катары чечмеленбеши керек, эгерде Макулдашуучу тарап төлөм балансы менен олуттуу кыйынчылыктарды сезсе же алардын коркунучу астында болсо мындай чектөөлөр дагы ушул берененин "б" пункту менен макулдашылат.
б) Ушул берененин 3-пунктунда көрсөтүлгөн чаралар негизсиз жана жөнү жок басмырлоочу мүнөзгө ээ болбошу керек, адилет, ак ниет, мөөнөтү боюнча чектелген болушу керек жана төлөө балансын калыбына келтирүү учурунда гана жол берилиши керек. Ушул беренеге ылайык чараларды ушул беренеге ылайык колдонгон Макулдашуучу тарап бул туурасында дароо экинчи Макулдашуучу тарапка маалымдайт жана болушунча эртерээк аларды жокко чыгаруу мөөнөттөрүн берүүгө тийиш. Мындай чаралар Дүйнөлүк соода уюму жөнүндө макулдашуунун жана Эл аралык валюталык фонддун макулдашуусунун беренелеринин алкагындагы милдеттенмелерди кошкондо, Макулдашуучу тараптын мамлекетинин башка эл аралык милдеттенмелерине ылайык колдонулат.
3. Ушул Макулдашууда эч бир нерсе төмөнкүдөй чечмеленбеши керек:
а) кайсы Макулдашуучу тарапка болбосун өзүнүн негизги коопсуздук кызыкчылыктарын коргоо үчүн ал зарыл деп эсептеген кандай болбосун аракеттерди төмөнкүлөргө карата тоскоолдук кылгандай:
I. предмети башка товарлар, материалдар, кызматтар жана технологиялар болуп саналган, согуштук же башка күч мекемелерин жабдуу максаттары үчүн түз же кыйыр жүргүзүлүүчү бүтүмдөрдү сатууга карата;
II. согуш же эл аралык мамилелердеги башка өзгөчө кырдаалдар учурунда, же
III. ядролук куралды же башка ядролук жарылуучу түзүлүштөрдү жайылтпоого карата улуттук саясатты ишке ашырууга же эл аралык макулдашууларга байланышкан; же
б) кайсы болбосун Макулдашуучу тарапка эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун уставы боюнча анын мамлекетинин милдеттенмелерине ылайык иш-чараларды жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылгандар.
4. Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин юридикалык жак болуп саналган инвесторуна ушул Макулдашуу боюнча артыкчылыктарды берүүдөн баш тарта алат, эгерде үчүнчү мамлекеттин инвесторлору аталган инвесторлорго жана анын инвестицияларына ээ болсо жана контролдосо:
а) инвестор Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында ал түзүлгөн мамлекеттин мыйзамдарына ылайык олуттуу инвестициялык ишти жүзөгө ашырбайт, же
б) баш тартып жаткан Макулдашуучу тарап мындай инвестор же анын инвестициялары менен бүтүмгө тыюу салган же аларда бузуулар же эгерде мындай инвестордун инвестицияларына ушул Макулдашуунун артыкчылыктары берилсе үчүнчү мамлекетке карата кыйгап өтүүлөр аныкталышы мүмкүн болгон чараларды кабыл алат же колдойт.
5. Макулдашуучу тараптын коопсуздугунун негизги кызыкчылыктары бажы, экономикалык же валюталык бирликте, жалпы рынокто же эркин соода аймагында анын мүчөлүгүнөн келип чыгуучу кызыкчылыктарды жана чараларды камтышы мүмкүн.
6. Ушул Макулдашуудагы Макулдашуучу тараптын чараларына бардык шилтемелер Европа Бирлигиндеги анын мүчөлүгүнө ылайык ошол Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагындагы Евразия Бирлигинин мыйзамдарына ылайык колдонулуучу чараларды камтыйт. "Төлөм балансы менен олуттуу кыйынчылыктарга же алардын коркунучуна" шилтемелер Макулдашуучу тараптын мамлекети мүчөсү болуп саналган экономикалык же валюталык бирликтеги төлөм балансы менен олуттуу кыйынчылыктарды же алардын коркунучун камтыйт.
7. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу Ушул Макулдашуунун 9-беренесине ылайык режим, преференция же артыкчылык катары каралбоого тийиш.
16-берене. Корутунду жоболор, күчүнө кириши, колдонулуу мөөнөтү, колдонууну токтотуу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү
1. Бул Макулдашуу Венгриянын Европа Бирлигиндеги мүчөлүгүнөн келип чыгуучу милдеттенмелерди аткаруу үчүн зыянсыз жана ушул милдеттенмелерди эске алуу менен колдонулат. Демек, ушул Макулдашуунун жоболору анын негизинде Европа Бирлиги негизделген келишимдерден келип чыгуучу Венгриянын милдеттенмелерин жараксыз кылгандай, өзгөрткүдөй же башкача жол менен таасир эткендей толугу менен, жарым-жартылай колдонула же чечмелене албайт.
2. Макулдашуучу тараптар бул Макулдашуу күчүнө кириши үчүн мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылгандыгы тууралуу дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине маалымдашат. Ушул Макулдашуу акыркы кабарламаны алган күндөн тартып алтымыш (60) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Ушул Макулдашуу он жыл бою колдонулат жана Макулдашуучу тараптардын бири экинчи Макулдашуучу тарапка Макулдашуунун күчүн токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлаганга чейин күчүндө болот, Колдонууну токтотуу жөнүндө мындай кабарлама аны экинчи Макулдашуучу тарап алган күндөн тартып бир жылдан кийин, бирок баштапкы он жылдык мезгилден эрте эмес күчүнө кирет.
4. Ушул Макулдашууну колдонуу токтотулганга чейин жүзөгө ашырылган инвестицияларга карата ушул Макулдашуунун жоболору Макулдашууну колдонуу токтотулган күндөн тартып он жыл бою колдонула берет.
5. Ушул Макулдашууга Макулдашуучу тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Бардык өзгөртүүлөр ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ушул Макулдашуу күчүнө кириши үчүн талап кылынган жол-жобого ылайык күчүнө кирет.
Муну күбөлөндүрүү үчүн, кол коюуга ыйгарым укуктуулар ушул Макулдашууга кол коюшту.
20__- жылдын "__" ___________ шаарында ар бири кыргыз, венгер, орус жана англис тилдериндеги эки нускамада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө кайчы пикирлер жаралган учурда англис тилиндеги текст артыкчылык күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Венгрия Өкмөтү үчүн |