Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 30-марты № 186
COVID-19 вирусунун жайылышынан улам пайда болгон кырдаалга байланыштуу экономикалык жана социалдык туруктуулукка келтирилген терс таасирди азайтуу максатында:
1. COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу экономикалык жана социалдык туруктуулукка келтирилген терс таасирди азайтуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылга биринчи кезектеги чаралар планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Планды белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- Планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты апта сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү Пландын аткарылышына апта сайын мониторинг жана талдоо жүргүзүп, аны аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө берип турушсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмү Планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине апта сайын берип турсун.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д. Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу экономикалык жана социалдык туруктуулукка келтирилген терс таасирди азайтуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылга биринчи кезектеги чаралар планы
№ | Иш-чаралар | Жооптуу аткаруучулар | Аткаруу мөөнөтү | Ишке ашыруунун түрү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1. Калкты социалдык колдоо жана азык-түлүк коопсуздугу | ||||
1 | Ири өндүрүүчүлөргө, азык-түлүк товарларын берүүчүлөргө, ири соода тармактарынын ээлерине социалдык жактан маанилүү айыл чарба товарларынын жана тамак-аш продуктуларынын (мындан ары - СМП) жетиштүү запасын, аларды сатуунун жана бааларынын туруктуулугун камсыздоону сунуштоо | АЧТММ, ЭМ, МКЖСМА, МСК, ЭККМК, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | Дайыма | Жолугушууларды өткөрүү жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү |
2 | Товарлардын азык-түлүк тобунун зарыл болгон көлөмүн номенклатурага ылайык мамлекеттик резервге коюу | ММРФ, ФМ | 31-май | Берүү келишимдерин түзүү |
3 | Кыргыз Республикасынын тышкы чек арасында орнотулган өткөрмө пункттарда, ошондой эле ЕАЭБдин өткөрмө пункттарында социалдык жактан маанилүү тамак-аш продуктуларын, дары каражаттарын, медициналык буюмдарды жана препараттарды приоритеттүү тартипте импорттоонун жана экспорттоонун тоскоолдуксуз өтүшү үчүн транзиттик жүк ташуулар боюнча "жашыл коридор" механизмин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөктөштөрү менен уюштуруу жана макулдашуу | ЭМ, ССМ, ТИМ, ТЖМ, МБК, МЧК | 15-апрель | ЕЭК кеңешинин биргелешкен чечими, мамлекеттик органдардын иш-аракетинин биргелешкен регламенти |
4 | ЭСӨМ тарабынан бекитилген тизмеге ылайык калктын социалдык жактан аярлуу катмарына азык-түлүк пакети түрүндө социалдык жардам көрсөтүү | ЭСӨМ, ФМ, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ӨК/ӨА режиминде иштеген мезгилде | КР Өкмөтүнүн чечими |
2. Ишкердик субъекттерди колдоо | ||||
2.1. Колдоонун фискалдык чаралары | ||||
5 | 2020-жылдын 22-мартынан тартып өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал (мындан ары - ӨК/ӨА) режимин киргизүүнүн натыйжасында түзүлгөн салыктык карыздардын жана социалдык чегерүүлөр боюнча карыздардын суммаларын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөөгө мүмкүндүк берүү | ЭМ, МСК | 15-апрель | КР Мыйзамы |
6 | Салык милдеттенмелерин өз убагында аткарбагандыгы үчүн салык санкцияларын жана туумдарды 2020-жылдын 1-июлуна чейин колдонбоо | МСК | 15-апрель | КР Мыйзамы |
7 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына муниципалдык мүлктүн ижарасы үчүн төлөмдөрдүн мөөнөтүн 2020-жылдын 1-апрелинен тартып 3 айга кийинкиге жылдырууну сунуштоо | ЖӨБО | Системалык негизде | Жергиликтүү кеңештердин чечими |
8 | Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасынын компоненттерин (ФЭС, ЭТТКК жана виртуалдуу ККМ) бардык жерде киргизүүнүн мөөнөтүн 2020-жылдын 3-июлуна чейин узартуу | ЭМ, МСК, МТБМК | 1-апрель | КР Өкмөтүнүн чечими |
9 | Жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтүн 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартуу | ЭМ, МСК | 1-апрель | КР Мыйзамы |
10 | Салык жана социалдык чегерүүлөр боюнча бизнес субъекттеринин отчет берүү мөөнөтүн төлөмдөрдү өз убагында төлөө шарты менен 2020-жылдын 1-июлуна чейин узартуу | ЭМ, МСК, СФ | 15-апрель | КР Мыйзамы |
11 | Мамлекеттик контролдоочу органдардын текшерүү ишине киргизилген мораторийдин мөөнөтүн 2022-жылдын 1-январына чейин узартуу | ЭМ | 15-апрель | КР Өкмөтүнүн чечими |
12 | 2021-жылдын 1-январына чейин көчмө салыктык текшерүүгө чектөө киргизүү, төмөнкүлөрдөн башкаларга: - акциздик топтордогу товарларды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү чарбакер субъекттерди пландуу текшерүү; - уюмдарды кайра уюмдаштырууда, жоюуда жана жеке ишкердикти токтотууда жүргүзүлүүчү пландан тышкаркы текшерүүлөр; - ӨК/ӨА режими аяктагандан кийин салык төлөөчүлөр тарабынан салыктар туура эмес чегерилген фактылар жөнүндө күбөлөндүрүлгөн документтик маалыматтарды салык кызмат органы алган учурда жүргүзүлүүчү пландан тышкаркы жана кайра текшерүүлөр | МСК | 1-апрель | МСК чечими |
13 | 3 айдын ичинде тиешелүү уюмдарга төмөнкүдөй сунуштама берүү: - абоненттердин карыздары бар болсо да, электр энергиясын, суу менен камсыздоону, газды жана башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү, байланыш кызматтарын жана Интернетти өчүрбөө; - коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр төлөнбөгөн үчүн айыптык санкцияларды жана туумдарды эсептебөө (электр энергиясы, суу, газ, таштанды, байланыш кызматтары, Интернет ж.б.) | Мамлекеттик органдар, кызматтарды көрсөтүүчүлөр (макулдашуу боюнча) | ӨК/ӨА учурунда | КР Өкмөтүнүн сунуштама каты |
14 | 2020-жылдын 1-апрелинен тартып, 3 айга мамлекеттик мүлктүн ижарасы үчүн төлөмдөрдү кийинкиге жылдыруу | ЭМ, ММБФ, КРПӨИБ | 30-март | КР Өкмөтүнүн чечими |
15 | 2021-жылдын 1-январына чейин ишканалардын банкроттугу жөнүндө арыздарды берүүнү токтотуу | ЭМ, ММБФ, МСК, СФ | 15-апрель | КР Өкмөтүнүн чечими |
2.2. Колдоо көрсөтүүнүн финансылык чаралары | ||||
16 | КРУБга дистанциялык банктык кызмат көрсөтүү тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө сунуштама берүү | Макулдашуу боюнча: КРУБ, КБ, төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары | Туруктуу негизде | КРУБ чечими |
17 | КРУБга экономиканын реалдуу секторлоруна кредит берүү үчүн банктык системаны сомдук мыйзамдуулуктун зарыл болгон деңгээли менен камсыздоо максатында кредиттик аукционду өткөрүүгө сунуштама берүү | КРУБ (макулдашуу боюнча) | Зарылдыгына жараша 2020-жылдын ичинде | Кредиттик аукциондорду өткөрүү |
18 | КРУБга 2022-жылдын 1-январына чейин коммерциялык банктарга жана ФЭКУ карата талаптарды жеңилдетүүнү сунуштоо | КРУБ (макулдашуу боюнча) | 1-июль | КРУБ чечими |
19 | 3 айдан кем эмес мөөнөткө кредиттер, анын ичинде чакан жана орто бизнести колдоо багытындагы КР Өкмөтү жана Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду каржылаган долбоорлор боюнча негизги сумманы жана пайыздарды реструктуризациялоо боюнча коммерциялык банктар менен иштерди жүргүзүү | ФМ, макулдашуу боюнча: КРУБР, РКӨФ | 1-апрель | КРӨ чечими |
20 | Элдин көп топтолуусуна жол бербөө максатында 2020-жылдын 1-июлуна чейин акционерлердин жалпы жыйналыштарын өткөрүү мөөнөттөрүн узартуу | Финкөзөмөл | 1-май | КР Мыйзамы |
21 | Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорунда ата мекендик жеткирүүчүлөргө 20 пайыз өлчөмүндө жеңилдиктерди берүү жөнүндө ченемди бекитүү ("Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" КР Мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүмү) | ФМ | 1-май | КР Мыйзамы |
22 | Ата мекендик жеткирүүчүлөргө, өндүрүүчүлөргө жана подрядчыларга көмөк көрсөтүү максатында ӨК/ӨА режимин киргизүү учурунда мамлекеттик сатып алуулар келишимдерине мөөнөттөр боюнча оңдоолорду киргизүү | ФМ, тиешелүү мамлекеттик органдар | 15-апрель | ФМ каты |
23 | КР экономикасынын секторлоруна жеңилдетилген кредиттерди берүү үчүн РКӨФ каражаттарын, РФ баалуу кагаздарга жайгаштырылган эмитенттерин тартуу | ЭМ, ФМ, РКӨФ (макулдашуу боюнча) | 10-июнь | Өкмөттөр аралык комиссияга жана РКӨФ Кеңешине сунуштарды киргизүү |
24 | Кредиттик ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо үчүн РКӨФ жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү | РКӨФ (макулдашуу боюнча) | 1-май | КРӨФ ички чечимдери |
25 | Коронавирустун жайылышына жана ӨК/ӨА киргизилишине байланыштуу терс таасирлерге кабылган бизнести колдоо боюнча биргелешкен фонд түзүү жаатында өнөктөштөр менен иштерди жүргүзүү | ФМ, ЭМ | 15-апрель | КР Өкмөтүнүн чечими |
3. Мамлекеттик бюджеттин туруктуулугу | ||||
26 | Жарандардын ден соолугун, коомдук коопсуздукту колдоо үчүн зарыл болгон, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн товарлардан, жумуштардан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн башка товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатыл алууга убактылуу чектөө киргизүү | ФМ | 1-апрель | Практикалык иш-аракеттер |
27 | Каржылоо үчүн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарын тартуу: - мамлекеттик бюджеттин түшүп жаткан кирешелерин; - гуманитардык жардамдарды; - экономикага дем берүүчү; - социалдык колдоо көрсөтүүлөрдү | ФМ, ТИМ, ЭСӨМ, ССМ, ӨКМ, АЧТММ, ММРФ, ЭМ | 20-апрель | Практикалык иш-аракеттер |
28 | Республикалык бюджеттин чыгашаларын кыскартуу боюнча чаралардын тизмесин иштеп чыгуу | ФМ | 10-апрель | Практикалык иш-аракеттер |
29 | Эл аралык финансылык институттар жана тышкы карыздарды реструктуралаштыруу боюнча донор өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү | ФМ | 10-май | Практикалык иш-аракеттер |
30 | КР Жогорку Кеңеши менен ӨК/ӨА режиминде мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүүдө эл аралык гранттык, техникалык жардамдардын жана бюджеттик жардамдардын долбоорлорун макулдашуу жана ратификациялоо жол-жоболорун алып салуу маселесин иштеп чыгуу | ФМ | 15-апрель | Практикалык иш-аракеттер |
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ