Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 31-марты № 116-б
Турмуштук оор кырдаалда турган адамдарды өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал мезгилинде тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу үчүн ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндө жеке жана юридикалык жактардан келип түшүүчү акча каражаттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу бөлүштүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги турмуштук оор кырдаалда турган адамдарды тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу үчүн ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндө жеке жана юридикалык жактардан келип түшүүчү акча каражаттарын топтоо жана пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине депозиттик эсеп ачсын.
2. Турмуштук оор кырдаалда турган адамдарды тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу үчүн ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндө жеке жана юридикалык жактардан келип түшүүчү акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Ушул буйруктун 1-пунктунда аталган депозиттик эсепке түшүүчү акча каражаттарын бөлүштүрүү Бишкек жана Ош, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын (макулдашуу боюнча) жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өтүнмөлөрү боюнча Комиссия тарабынан ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.
4. Комиссия Турмуштук оор кырдаалда турган адамдарды тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу үчүн ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндө жеке жана юридикалык жактардан келип түшүүчү акча каражаттарын бөлүштүрүү тартиби жөнүндө жобону жана Комиссиянын ишинин тартибин бекитсин.
5. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги берилген өтүнмөлөргө ылайык тамак-аш азыктарын сатып алууга акча каражаттарын өз убагында бөлүп берүүнү камсыз кылсын.
6. Бишкек жана Ош, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча), жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) менен бирдикте берилген өтүнмөлөргө ылайык азык-түлүккө болгон керектөөлөрдүн эсебин даярдашсын жана Комиссиянын кароосуна беришсин.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д. Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Турмуштук оор кырдаалда турган адамдарды тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу үчүн ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндө жеке жана юридикалык жактардан келип түшкөн акча каражаттарды бөлүштүрүү боюнча комиссиянын курамы
Кылжыев Самат Аскербекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, Комиссиянын төрагасы; |
Кочкоров Улукбек Тойчубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Салиев Бахтияр Усманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Жаманкулов Азамат Капарович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри; |
Маматканов Улан Эркинович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Жээналиев Алмаз Жээналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы; |
Абдыбалы тегин Суеркул | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Исаев Амангельди Сапарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары; |
Айдаров Каныбек Абдраевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы; |
Ерешеев Эрлан Тынычбекович | - | "Кыргызстандын ишкерлер союзу" юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Сыдыкова Жылдыз Сейитбековна | - | "Бириккен кол" аутист балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Джабраилова Ольга Николаевна | - | "Оберег" реабилитациялык борбору" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча). |
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |