Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 25-марты № 103-б
"Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы автотранспорт каражаттарын мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосунда белгиленген тартипте төмөнкүдөй жайгаштырсьн:
- Кыргыз Республикасындагы Бириккен улуттар уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) өкүлчүлүгүнүн арызынын негизинде, 2006-жылы чыгарылган, кузовунун № JTECB01J001026845, кыймылдаткычынын № 1HZ0512369, кыймылдаткычынын көлөмү 4164 см3, ак түстөгү "Тойота-Лэндкрузер" маркасындагы автотранспорт каражатын;
- Кыргыз Республикасындагы "Врачи без границ - Швейцария" эл аралык гуманитардык уюмунун арызынын негизинде, 2009-жылы чыгарылган, кузовунун № JTERB71J900049467, кыймылдаткычынын № 1HZ0B01420, кыймылдаткычынын көлөмү 4163 см3, ак түстөгү "Тойота-Лэндкрузер" маркасындагы автотранспорт каражатын.
2. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине кабыл алсын, наркын бааласын жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ыкчам башкарууга өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазипв |