Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 14-апрели № 127-б
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Катар Мамлекетинин Юстиция министрлигинин ортосундагы Укуктук чөйрөдө өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-декабрындагы № 605-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр |
| М.Д. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Катар Мамлекетинин Юстиция министрлигинин ортосундагы Укуктук чөйрөдө өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Катар Мамлекетинин Юстиция министрлиги, укуктук чөйрөдө эки мамлекеттин ортосундагы өз ара кызматташууну тереңдетүү жана улантуу максатында, түрдүү чөйрөлөрдө эки мамлекеттин ортосундагы өз ара кызматташуу жааттарын кеңейтүү зарылдыгы жөнүндө ишенимдерди карманып, улуттук да, ошондой эле эл аралык да деңгээлдерде укук жана юстиция жаатындагы мамлекеттик органдардын жана мекемелердин маанилүү ролуна таянуу менен, укуктун өнүгүү динамикасын жана табиятынын жыйындысын эске алып, жана укуктук маселелер боюнча билимдерди, тажрыйбаларды алмашуу, илимий жолугушууларды жана тренингдерди уюштуруу чөйрөсүндө иштөө менен, Тараптардын ар биринин компетенциясын, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин эл аралык милдеттенмелерин жана улуттук мыйзамдарын эске алуу менен, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар төмөнкүдөй тармактарда кызматташат:
1) өз ара кызыкчылыкты көрсөткөн укуктук маселелер боюнча маалыматтарды алмашуу;
2) Тараптардын ар биринин мамлекетинин укуктук системасы боюнча маалыматтарды, ошондой эле административдик башкаруу боюнча маалыматтарды алмашуу;
3) укукту ишке ашыруунун ченемдерин жана механизмдерин өркүндөтүү жаатындагы тажрыйбаларды алмашуу;
4) Тараптардын ар биринин жана алардын компетенттүү бөлүмдөрүнүн иштери боюнча тажрыйба алмашуу;
5) тиешелүү мекемелер аркылуу Тараптардын мамлекеттеринин юстиция органдарынын системасындагы кызматкерлерди даярдоо жаатындагы кызматташтык;
6) Тараптар үчүн өз ара кызыкчылыкты билдирген укуктук маселелер боюнча кызматташтык.
2-берене.
Тараптар укук менен байланышкан ар кандай темалар жана маселелер боюнча симпозиумдарды, конференцияларды жана биргелешкен окутуучу курстарды өткөрүүнү жана уюштурууну жана анын иш жүзүндө колдонулушун колдошот жана ар бир Тарап уюштурууга ниет кылган симпозиумдарды жана конференцияларды өткөрүүгө чакырууларды алмашат. Мында Тараптар айтылган иш-чараларды өткөрүүнүн жана катышуунун жыйынтыктары боюнча жетишилген кыйла маанилүү натыйжаларды жана сунуштамаларды бири-бирине беришет.
3-берене.
Тараптар Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдары менен байланышкан, өзгөчө алардын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн өнүгүүсүнө кирген жаңылыктардын топтомдорун, юридикалык журналдарды, жарыялоолорду жана изилдөөлөрдү дайыма алмашып турушат.
4-берене.
Тараптар алардын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жоболору жана иштери менен таанышуу үчүн Тараптардын делегацияларынын бири-бирине визиттерин уюштурушат.
5-берене.
Тараптар уюштурган курстарга жана семинарларга катышуунун жана өз ара тажрыйба алмашуунун негизинде Тараптар өздөрүнүн юристтеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу чөйрөсүндө тыгыз кызматташат.
6-берене.
Тараптар улуттук маалыматтык укуктук системалар чөйрөсүндө иштеген адистерди жиберишет жана тажрыйба алмашат.
7-берене.
Ушул Меморандумдун жоболорун жүзөгө ашырууга көмөктөшүү үчүн Тараптар өздөрүнүн кызматкерлеринин ичинен жумушчу топ түзүшөт.
Жумушчу топ Тараптардын ортосундагы кызматташтыктын программаларын жана багыттарын аныктоо үчүн зарылдыкка жараша же Тараптардын бири каалоосун билдиргенде чогулушат, мында бул багыттагы финансылык мүмкүнчүлүктөр жана кызматташтык боюнча мүмкүн болуучу иш-чаралар эске алынат.
8-берене.
Тараптардын ар бири ушул Меморандумдан келип чыккан өз ара аракеттенүү менен байланышкан өздөрүнүн чыгымдарын жабууга милдеттенишет, буга Тараптардын макулдашуусу боюнча башка чечим кабыл алынбаган учурлар кирбейт.
9-берене.
Ушул Меморандумдун жоболору Тараптардын бири катышуучусу болгон эл аралык келишимдерде каралган эл аралык милдеттенмелерди аткарууга тоскоол болбойт.
10-берене.
Ушул Меморандумдун жоболорун колдонуу маселелери боюнча Тараптардын ортосунда келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда консультациялар жана эки тараптуу сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
11-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Меморандумга өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
12-берене.
Ушул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 5 (беш) жыл колдонулат. Эгерде Тараптардын бири ушул Меморандум токтогонго же аны колдонуу мөөнөтү аяктай турган күнгө чейин кеминде 6 (алты) ай мурда анын аракетин токтотуу ниети жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндөгү билдирүүнү экинчи Тарапка жибербесе, анда анын колдонулушу кийинки беш жылдык мезгилдерге өзүнөн өзү узартылып турат.
Ушул Меморандумду токтотуу же анын жарактуулук мөөнөтүнүн аякташы колдонулуп жаткан программаларга жана иш-чараларга, алар аяктаганга чейин таасирин тийгизбейт, эгерде Тараптар башкача макулдашпаса.
Жогоруда айтылгандарды ырастоо үчүн өздөрүнүн Өкмөттөрү тиешелүү түрдө ага ыйгарым укук берген төмөндө кол койгондор ушул Меморандумга кол коюшту.
202__-жылдын "____" _________________ шаарында эки түп нускада ар бири кыргыз, орус, араб жана англис тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болсо, Тараптар англис тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги үчүн |
| Катар Мамлекетинин Юстиция министрлиги үчүн |
______________________________________________ |
| ______________________________________________ |