Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 17-апрели № 130-б
2020-жылдын апрель айында Бишкек шаарында өтө турган «COVID-19 пандемиясына каршы өзгөчө долбоор» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрине Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Тиркеме
2020-жылдын апрель айында Бишкек шаарында өтө турган «COVID-19 пандемиясына карты өзгөчө долбоор» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн расмий делегациясынын курамы
Абдикаримов Сабиржан Токтосунович | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри, расмий делегациянын башчысы; |
Ахматев Султан Маматович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Абдыбалы тегин Суеркул | - | Кыргыз Респубикасынын Финансы министринин орун басары; |
Боронбаева Эльнура Кочконовна | - | Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы; |
Смуралиев Эрмек Социалович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алтынчы саясий департаментинин директору; |
Иманалиева Тамара Куланбековна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгын начальниги. |