Редакцияот 20.04.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын 20-апрели № 136-б

"COVID-19 карата активдүү чара керүү жана чыгымдарды колдоо программасынын (CARES)" алкагында Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. "COVID-19 карата активдүү чара көрүү жана чыгымдарды колдоо программасын (CARES)" талкуулоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү топтун тиркемеге ылайык курамы бекитилсин.

2. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү топ 2020-жылдын 22-апрелинде Азия өнүктүрүү банкы менен бюджетти колдоо үчүн финансы каражаттарын тартуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.

3. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү топ мамлекеттик органдардын тийиштүү өкүлдөрүн жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.

4. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү топтун жетекчисине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

 

М.Д. Абылгазиев

 

 

 

Тиркеме

"COVID-19 карата активдүү чара көрүү жана чыгымдарды колдоо программасынын (САRES)" алкагында бюджетти колдоо үчүн финансы каражаттарын тартуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү топтун курамы

Жеенбаева Бактыгүл Жаныбековна

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министри, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү топтун жетекчиси;

Абдыбалы тегин Суеркул

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;

Ахматов Султан Маматович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

Иманалиева Тамара Куланбековна

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги;

Сыдыков Бакыт Толомушович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана донордук жардамды координациялоо башкармалыгынын начальниги;

Омуралиев Эрмек Социалович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алтынчы саясий департаментинин директору;

Дуйшенкул кызы Динара

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу;

Токтоматов Нурмамбет Талгатович

-

"Кыргыз Республикасынын экономикалык диверсификациялоо программасын колдоо" техникалык жардамынын консультанттар тобунун жетекчиси (макулдашуу боюнча).