Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 21-апрели №137-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
1) 2018-жылдын 21-сентябрындагы Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адамдыи бейпилдиги чөйрөсүндө көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматы менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы Эл аралык медициналык-санитарлык эрежелерди (2005-жыл) жүзөгө ашыруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга карата Административдик келишимдин алкагында акысыз техникалык жардам катарында келген 2019-жылы чыгарылган, кузовунун № XТT 2206951L1209950, кыймылдаткычынын № К3037829, боз түстөтү УАЗ-220695-550 маркасындагы автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине кабыл алсын;
2) жогоруда аталган буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулар борборуна ыкчам башкарууга өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулар борбору ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын жана багыты боюнча пайдаланууну камсыздасын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |