Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 24-апрели № 143-б
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37 жана 81-беренелерин ишке ашыруу максатында, айрым административдик-аймактык бирдиктердин аймагында өзгөчө кардаалды жана өзгөчө абалды киргизүүгө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча акционерлердин жылдык жалпы чогулушун өткөрүүнүн мөөнөтү - 2020-жылдын 1-сентябрына чейин;
- акционерлердин саны 500ден ашуун болгон же эч болбогондо баалуу кагаздардын 1 чыгарылышын ачык жайгаштырган ачык акционердик коомунун финансы-чарбалык иши тууралуу жылдык отчетту жарыялоо мөөнөтү - 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча акционерлердин жылдык чогулушун өткөргөн күндөн тартып 2 айдын ичинде, бирок 2020-жылдын 1-ноябрынан кечиктирбей.
2. Ушул буйрук расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |