Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 7-сентябрындагы № 680-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 15-майы № 175-б
Майыптыгы бар адамдарды социалдык коргоо менен байланышкан маселелерди кароодо мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин, илимий жана башка уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кенеш 1 -тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кенеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин
курамы
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;
жарандык коомдун өкүлү, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кеңештин катчылыгы.
Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жапа илим министри;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри;
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин майытптуулук маселелерин тейлөөчү орун басары;
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы;
Кыргызстандагы майып аялдардын республикалык көз карандысыз ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандагы майыптар ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
"Услышь меня" фондунун уюштуруучусу (макулдашуу боюнча);
"Баланын укуктарын коргоо лигасы" коомдук фондунун директор}1 (макулдашуу боюнча);
"Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү фонду" коомдук фондунун президенти (макулдашуу боюнча);
"Рука в руке" аутизм менен ооруган балдардьш ата-энелеринин коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Майыптарга юридикалык жардам көрсөтүү" коомдук фондунун президенти (макулдашуу боюнча);
"Равенство" майыптыгы бар адамдардын союзу" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз улуттук паралимпиадалык комитета" коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
"Келечек Плюс" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча);
"Борбордук Азиянын Евразия фонду" коомдук фондунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
"Плюс" коомдук фондунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
"Майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо боюнча комитет" коомдук фондунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
"Назик-Кыз" ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү кыздардын коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын профсоюздар федерациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Жаш ишкерлер ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому" коомдук бирикмесинин юриста (макулдашуу боюнча).
______________________________________________________________________________________________________________
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кенеш жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңеш (мындан ары - Кенеш) майыптыгы бар адамдарды социалдык коргоо менен байланышкан маселелерди кароодо мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин, илимий жана башка уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында түзүлдү.
2. Кеңеш туруктуу иштөөчү кеңеш берүүчү жана консультативдик орган болуп эсептелет. Кеңештин иши маселелерди ачык-айкын, эркин, жамааттык талкуулоо менен чечүүнун принциптеринде ишке ашырылат.
3. Кеңеш өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Бириккен Улуттар Уюмунун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын (2019-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн актыларын, Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2-глава. Кецештин функциялары
4. Кеңештин негизги фунциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) инклюзивдик коомду түзүү маселелерин чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө сунуштарды иштеп чыгуу;
2) майыптыгы бар адамдар үчүн жашоо-турмуштун тоскоолдуксуз чөйрөсүн түзүүдө аткаруу бийлиги органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин уюштуруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
3) майыптыгы бар адамдардын проблемаларын чечүүгө багытталган уюмдардын жана жарандардын сунуштарын талдоо жана жалпылоо, бул демилгелерди ишке ашырууга көмөктөшүү;
4) майыптыгы бар адамдарды социалдык коргоонун мамлекеттик саясатын ишке ашыруу маселелери боюнча аналитикалык материалдарды, баяндамаларды жана сунуштарды даярдоо.
5. Ишке ашырылатурган функцияларына жана коюлган максаттарына ылайык Кеңеш төмөнкү милдеттерди чечет:
1) майыптыгы бар адамдарды социалдык коргоо маселссине тиештүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, башка укуктук ченемдик актылардын долбоорлорун карайт;
2) майыптыгы бар адамдарды социалдык коргоо, аларды коомго кошуу маселелери боюнча максаттуу программалардын долбоорлоруна талкуу жүргүзөт;
3) майыптыгы бар адамдарды кесиптик жана социалдык адаптациялоо чараларынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча майыптыгы бар адамдардын коомдук уюмдарына сунуштарды берет;
4) майыптыгы бар адамдардын эмгекке болгон укугун жана аларды иш менен камсыз кылууга тийиштүү шарттарды түзүү боюнча сунуштарды берет;
5) майыптыгы бар адамдарды социалдык, укуктук жана турмуш-тиричилик жактан тейлөөлөрдү оркундотуу боюнча сунуштарды берет;
6) майыптыгы бар адамдарга эс алуу, чыгармачылык потеициалын өнүктүрүү, кесиптик билим алуу, спорт менен машыгуу, ата мекендик жана дүйнөлүк маданияттын жетишкендиктери менен таанышууга тийиштүү шарттарды түзүү боюнча сунуштарды берет;
7) майыптыгы бар адамдарга толеранттуу мамиле кылуу саясатын түзүүгө, майыптыгы бар адамдар үчүн тоскоолдуксуз жашоо чөйрөсүн түзүү зарылчылыгын жайылтууга катышат;
8) майыптыгы бар адамдарды социалдык коргоо, анын ичинде аларды кесиптик жана социалдык адаптациялоо жана коомго кошуу, майыптыгы бар адамдарга тоскоолдуксуз жашоо-турмуш чөйрөсүн түзүү боюнча талданган эл аралык алдыңкы тажрыйбаларды, Кыргыз Республикасындагы башка субъектилердин тажрыйбасын карап чыгат жана аны аткаруу бийлигинин органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, илимий жана башка уюмдарга жеткирет;
9) майыптыгы бар адамдардын проблемалары менен байланышкан башка маселелерди карайт.
3-глава. Кеңештин негизги макса пары жана укуктары
6. Өзүнүн ишин жүзөгө ашырууда Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
1) майыптыгы бар адамдарга карата мамлекеттик саясатты ишке ашырууда, майыптыгы бар адамдарды коомго кошуу милдетин натыйжалуу чечүүдө мамлекеттик бийлик органдарына көмөктөшүүгө;
2) майыптыгы бар адамдар үчүн тоскоолдуксуз жашоо-турмуш чөйрөсүн түзүү боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин, илимий жана башка уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүгө;
3) майыптыгы бар адамдарды социалдык коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине талдоо жүргүзүүнү кароого;
4) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын, коомдук уюмдардын, илимий жана башка уюмдардын өкүлдөрүн өзүнүн жыйындарына чакырууга;
5) маалыматтык-аналитикалык жана эксперттик иштерди жүзөгө ашыруу үчүн илимий жана башка уюмдарды, ошондой эле илимпоздорду жана адистерди алардын макулдугу менен белгиленген тартипте ишке тартууга;
6) майыптыгы бар адамдарды социалдык коргоо, аларды кесиптик жана социалдык адаптациялоо жана коомго кошуу, майыптыгы бар адамдар учун тоскоолдуксуз жашоо-турмуш чөйрөсүн түзүү маселелери боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштарды киргизүүгө;
7) майыптыгы бар адамдарды социалдык коргоо, аларды кесиптик жана социалдык адаптациялоо жана коомго кошуу, ошондой эле майыптыгы бар адамдар үчүн тоскоолдуксуз жашоо-турмуш чөйрөсүн түзүү маселелери боюнча программаларды иштеп чыгууга катышууга;
8) аналитикалык жана эксперттик иштерди жүргүзүү үчүн Кеңешке жүктөлгөн негизги милдеттерге ылайык Кеңештин жумушчу топторун түзүүгө.
4-глава. Кеңештин курамы
7. Кеңеш Кеңештин төрагасынан, анын орун басарларынан, өз иштерин коомдук башталышта жүргүзгөн Кеңештин мүчөлөрүнөн жана катчысынан турат.
8. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кеңештин төрагасы болуп саналат.
9. Кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык маселелерди тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары (макулдашуу боюнча), мамлекеттик органдардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери (макулдашуу боюнча), майыптуулук чөйрөсүндө иштеген коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) кирет.
10. Жарандык коомдон Кеңештин төрагасынын орун басары Кеңештин биринчи жыйынында анын мүчөлөрү аркылуу шайланат.
11. Кеңештин коммерциялык эмес уюмдарынын өкүлдөрү төмөнкүдөй критерийлерге жооп бериши керек:
1) өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүшү;
2) майыптуулук чөйрөсүндөгү иш тажрыйбасы 3 (үч) жылдан кем эмес болушу;
б) региондук филиалдардын болушу жана башка социалдык чөйрөлөрдө иштөөсү артыкчылыктуу болуп саналат.
12. Кеңештин мңчөлөрү анын жыйындарына жеке өзү катышат.
13. Майыптыгы бар адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндө өз ишин жүзөгө ашырган коомдук бирикмелердин жана башка коммерциялык эмес уюмдардын сунуштарын эске алуу менен, Кеңештин курамы жана жобосу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилет.
5-глава. Кецештин ишин камсыздоо жана уюштуруу
14. Кеңештин жыйындары зарылдыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Кеңештин жыйынына Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса мыйзамдуу деп эсептелет.
15. Кеңештин жыйынын Кеңештин төрагасы же анын орун басарлары башкарат. Кеңештин чечими каралып жаткан маселелер боюнча көпчүлүк добуш менен кабыл алынат жана майыптыгы бар адамдардын жашоо шартын жакшыртуу маселелери боюнча мамлекеттик жана башка органдардын иштелип чыккан сунуштары менен протокол түрүндө таризделет. Кеңештин жыйынынын протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечимдери иштелип чыгышы жана кабыл алынышы мүмкүн.
16. Кеңештин чечимдери белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан каралып, кароонун натыйжалары жөнүндө Кеңешке чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айдан кечиктирилбеген мөөнөттө маалымдалат.
17. Кеңештин чечимдеринин аткарылышын Кеңештин катчылыгы контролдойт.
6-глава. Кенештин катчылыгынын милдеттери жана функциялары
18. Кеңештин жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги эсептелет (мындан ары -катчылык).
19. Катчылыктын милдеттери болуп Кеңештин максаттарына жана милдеттерине ылайык анын ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыздоо, Кеңештин мүчөлөрүнүн жыйындарын өткөрүүнү уюштуруу эсептелет.
20. Катчылык төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Кеңештин жыйындарына материалдарды даярдайт жана катышуучуларды чакырат, Кеңештин жыйындарынын протоколдорун жүргүзөт жана тариздейт, документтерди таратууну, сактоону жана эсепке алууну уюштурат;
2) Кеңештин чечимдеринин, бекитилген пландардын жана программалардын аткарылышына кемектешет, кабыл алынган чечимдерди аткаруунун журушун контролдойт;
3) Кецештин чечимдеринин материалдарын жана долбоорлорун ыкчам жана сапаттуу даярдоо үчүн тапшырмаларды аткарууда жумушчу топтордун жана комиссиялардын жетекчилерине көмөк көрсөтөт;
4) Кеңештин иш кагаздарын жүргүзөт;
5) Кеңештин жетекчилигинин айрым тапшырмаларын аткарат.
______________________________________________________________________________________________________________