КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 11-майы № 169-б
Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Ак-Сай чек аралык айыл аймагындагы сугат жерлерди суу менен камсыздоону жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айылдык кеңешинин 2020-жылдын 24-апрелиндеги № 54 токтомун көңүлгө алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Ак-Сай чек аралык айыл аймагындагы Керме-Тоо айылында жайгашкан "Керме-Тоо", "Үч-Дөбө" насостук станцияларын жана сугат скважинасын мамлекеттик менчикке кабыл алсын;
- аталган объекттерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигине оперативдүү башкарууга өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган объекттерди оперативдүү башкарууга кабыл алсын;
- алардын сакталышын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык максаттуу багыты боюнча пайдаланууну камсыз кылсын;
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган объекттердин баланстык наркын бааласын;
- ушул буйруктан келип чыгуучу уюштуруу жана башка чараларды көрсүн;
- эксплуатациялык иш-чараларды 2020-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзсүн.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |