Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 2-майы № 157
1. Расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген төмөнкүлөр жактырылсын:
- Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы (COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды колдоо программасы) кредиттик макулдашуунун долбоору;
- Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы (COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды колдоо программасы) гранттык макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |