Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 11-майы № 172-б
COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу үзгүлтүксүз авиа жана темир жол байланышынын белгисиз мөөнөткө токтотулгандыгына байланыштуу, Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин жогорку аскердик окуу жайларында окуган аскер кызматчыларын Кыргыз Республикасына жеткирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментинин Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин жогорку аскердик окуу жайларында окуган аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн келишимдик негизде ата мекендик авиакомпаниялардын аба кемелери жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн аба кемелери менен Кыргыз Республикасына аскердик ташууларды уюштурушсун;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын курсанттарын аталган окуу жайлардан келгенде обсервацияга борборлоштуруп жеткирүүнү уюштурушсун жана аларды тамак-аш менен камсыздашсын.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти аталган окуу жайлардан келген офицерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн ведомстволук таандыгына жараша обсервациялоо боюнча иш-чараларды өткөрүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аталган окуу жайлардан келген аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн COVID-19 коронавирус инфекциясы боюнча тесттен өткөрүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы жана "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) аба аркылуу аскердик ташууларды ишке ашырган аба кемелерине акысыз негизде аэронавигациялык кызмат көрсөтүүнү жана жер үстүндөгү тейлөөнү камсыздашсын.
5. Ушул буйруктун 1-пунктунда аталган мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине 2020-жылга "Транспорттук чыгымдар" 2214-беренеси боюнча каралган каражаттардын эсебинен аскер кызматчылары менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүн аба аркылуу ташууга байланыштуу чыгымдарга акча каражаттарын которуп беришсин.
6. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы "Тамак-аш азыктарын сатып алуу" 2218-беренеси боюнча 2020-жылга каралган каражаттардын эсебинен обсервациядагы курсанттарды тамак-аш менен камсыздоо боюнча чыгымдарга жумшалуучу акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине которуп берсин.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |