Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 20-майы № 184-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- Глобалдык экологиялык фонд тарабынан каржылануучу, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу "Климат өзгөргөн шартта тоолордогу токойлорду жана жер ресурстарын туруктуу башкаруу" долбоорунун алкагында сатып алынган, 2013-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын көлөмү 1690 см3, кыймылдаткычынын № 0492636, кузовунун № X9L212300D0477010 болгон күмүш түстөгү "Шевроле-Нива 212300-55" маркасындагы, 2013-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын көлөмү 1690 см3, кыймылдаткычынын № 0495527, кузовунун № X9L212300D0479986 болгон күмүш түстөгү "Шевроле-Нива 212300-55" маркасындагы автотранспорт каражаттарын мамлекеттик менчикке кабыл алсын;
- жогоруда аталган автотранспорт каражаттарынын наркын бааласын жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине ыкчам башкарууга өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |