Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 15-майы № 179-б
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоону камсыздоо максатында, коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылуу шарттарында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 23-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-апрелиндеги № 132-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 3683-VI токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн жарандарды тамак-аш жана убактылуу жашоочу жай менен камсыздоого жардам көрсөтүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын Россия Федерациясынын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан Кыргыз Республикасына алып келүү менен байланышкан чыгымдарга "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджеттик резервиндеги каражаттардын эсебинен 20000000 (жыйырма миллион) сом бөлүп берсин;".
Премьер-министр |
|