Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 22-майы № 189-б
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Катар Мамлекетинин Муниципалитеттин жана айлана-чөйрөнүн иштери боюнча министрлигинин ортосундагы Өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Катар Мамлекетинин Муниципалитеттин жана айлана-чөйрөнүн иштери боюнча министрлигинин ортосундагы Өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Катар Мамлекетинин Муниципалитеттин жана айлана-чөйрөнүн иштери боюнча министрлиги,
өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы эки тараптуу кызматташтыктын деңгээлин жогорулатуу ниетинде,
бир Тараптын мамлекетинин аймагынан экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына карантиндик зыянкечтердин киришине жана жайылышына жол бербөө, Тараптардын мамлекеттеринин өсүмдүк ресурстарын коргоо максатында,
тийиштүү тармактарда экономикалык өнүктүрүүгө жана техникалык алмашууга колдоо көрсөтүүнүн зарылдыгын эске алуу менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар өз компетенцияларынын алкагында, Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык өсүмдүктөрдүн карантини жаатында өз ара кызматташтыкты өнүктүрөт.
2-берене.
Тараптар төмөнкү багыттарда кызматташат:
- жаңы карантиндик зыянкеч организмдердин пайда болушу жана жайылышы, ошондой эле аларга каршы күрөшүү чаралары жана Тараптардын мамлекеттеринин аймактарына жайылышына жол бербөө боюнча чаралар жөнүндө маалымат алмашуу;
- Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында бекитилген карантиндик объекттердин тизмелери менен алмашуу;
- карантиндик фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо жаатында өз ара илимий жана техникалык жардам көрсөтүү, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- бир Тараптын мамлекетинин аймагынан экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына ташып киргизилүүчү карантинге алынган продуктуларды өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо жана таңгактоо жайларын зарылдыгына жараша же Тараптын биринин талабы боюнча биргелешип текшерүү;
- эки тараптуу соодага таасирин тийгизген ар тараптуу консультацияларга, фитосанитардык коопсуздукту камсыздоого, илимий жана экономикалык жактан негизделген, ошол эле убакта соодага терс таасирин тийгизбеген маселелерди чечүү үчүн тийиштүү чараларды көрүү;
- карантиндик зыянкечтерди изилдөө жана өсүмдүктөрдү коргоо жаатында биргелешкен консультацияларды жүргүзүү;
- өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо жаатында биргелешкен окууларды же семинарларды өткөрүү.
3-берене.
Ушул Макулдашууну натыйжалуу ишке ашыруу максатында Тараптар фитосанитардык коопсуздук жаатында консультацияларды берүүгө жана иш-чараларды өткөрүүгө, анын ичинде пландоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүүгө жооптуу, протокол түрүндөгү биргелешкен чечим менен бекитилген эки тараптуу жумушчу топторду түзө алышат.
Фитосанитардык коопсуздук боюнча Тараптар үчүн өз ара кызыкчылык туудурган биргелешкен талкуу жана консультациялар аркылуу эки тараптуу кызматташуу жана координациялоону ишке ашырууда Тараптардын ортосунда пайда болгон маанилүү маселелерди чечүү үчүн жумушчу топтун биргелешкен жыйындары зарылдыгына жараша өткөрүлүүгө тийиш.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча компетенттүү органдар төмөнкүлөр болуп саналат:
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен - Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти;
Катар Мамлекетинин Муниципалитеттин жана айлана-чөйрөнүн иштери боюнча министрлигинен - Айыл чарба иштери боюнча департамент.
4-берене.
Тараптар кабыл алуучу Тараптын мамлекетинин аймагындагы өздөрүнүн өкүлдөрүнүн иш сапарлары жана жашап туруусу менен байланышкан бардык чыгымдарды өздөрү тартышат.
5-берене.
Тараптардын ортосунда ушул Макулдашууну чечмелөөгө же колдонууга байланыштуу келип чыккан кандай болбосун талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
6-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболору Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыккан Тараптардын мамлекеттеринин укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт.
7-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
8-берене.
Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 5 жылдык мөөнөткө түзүлөт.
Эгерде эки Тарап тең кезектеги беш жылдык мөөнөт аяктаганга чейин 6 айдан кечиктирбестен экинчи Тарапка Макулдашуунун колдонулушун токтотуу жөнүндө ниетин дипломатиялык каналдар аркылуу билдирбесе, анда ушул Макулдашуу кийинки беш жылдык мезгилдерге өзүнөн өзү узартылат.
Эгерде Тараптар башка жөнүндө макулдашпаса, ушул Макулдашуу күчүндө турган мезгилде Тараптар үчүн пайда болгон милдеттенмелердин токтотулушуна алып келбейт.
2020-жылдын "__" ___________ Бишкек шаарында эки түп нускада, ар бири кыргыз, орус, араб жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда, англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги үчүн |
| Катар Мамлекетинин Муниципалитеттин жана айлана-чөйрөнүн иштери боюнча министрлиги үчүн |
______________________________ | ___________________________________ |