Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 20-майы № 185-б
«Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) арызынын негизинде 2016-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 1ZRV308943, кыймылдаткычынын көлөмү 1598 см3, кузовунун № NMTBB0JE90R162766, ак түстөгү, «Тойота-Королла» маркасындагы автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна белгиленген тартипте жайгаштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана аны Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин «Кыргыздипсервис» мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын оперативдуу башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин «Кыргыздипсервис» мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасы ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте оперативдүү башкарууга кабыл алсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте каттасын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |