Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 29-майы № 196-б
Экономикалык туруктуулукка COVID-19 коронавирустук инфекциянын жайылышынын терс таасирлерин азайтуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча департаменти, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду COVID-19 коронавирустук инфекциянын жайылышы менен байланышкан жагдайлардан улам төлөөгө жөндөмсүздүктүн белгилери пайда болгон ишкердик субъекттерге карата банкроттук процессин демилгөөнү 2021-жылдын 1-январына чейин токтото турушсун.
2. Ушул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарына каражаттарына расмий жарыяланууга тийиш.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А Боронов |