Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 28-марты № 110-б
Калктын социалдык жактан аялуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 9 жана 12-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын калкынын социалдык жактан аялуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында мурда брондон чыгарылган азык-түлүк буудай данынан иштетилген биринчи сорттогу 5000 (беш миң) тонна өлчөмүндөгү унду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына 1-тиркемеге ылайык өткөрүп берсин.
2. Ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү тартиби 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган гуманитардык жардамды райондук борборлорго жана облустук маанидеги шаарларга чейин жеткирүүнү уюштурсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшүн 3-тиркемеге ылайык маалыматтардын (разнарядканын) негизинде камсыздашсын.
5. Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдө оор турмуштук кырдаалда болгон, калктуу конуш (жаңы конуш) статусу жок турак жай массивдеринде жашаган жарандардын категориясын эске алсын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д. Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
Калктын социалдык жактан аялуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында мамлекеттик резервдин жооптуу сактоочу ишканалары тарабынан биринчи сорттогу унду БЕРҮҮ
1. "Карасу-Дан-Азык" ачык акционердик коому, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаары:
- Ош облусу;
- Баткен облусу;
- Ош шаары;
- Жалал-Абад облусу (Ноокен, Сузак райондору).
2. "Азрат-Айыб" ачык акционердик коому, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Жалал-Абад шаары:
- Жалал-Абад облусу.
3. "Дан" мамлекеттик ишканасы, Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Кара-Балта шаары:
- Талас облусу;
- Жалал-Абад облусу (Токтогул району);
- Чүй облусу (Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук райондору);
- Бишкек шаары.
4. "Кант-Дан-Азык" ачык акционердик коому, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаары:
Чүй облусу (Аламүдүн, Ысык-Ата райондору).
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун түндүк аймактык башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаары:
- Чүй облусу (Чүй, Кемин райондору);
- Ысык-Көл облусу.
6. "Алтын Дан" ачык акционердик коому, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаары:
- Нарын облусу.
2-тиркеме
Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү ТАРТИБИ
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, шаарлардын мэрияларынын алдында гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлөт.
Комиссиянын төрагасы болуп жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын социалдык маселелерди тейлеген орун басары же шаардын вице-мэри эсептелет.
Комиссиянын төрагасынын эки орун басары болот. Биринчи орун басары болуп Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык бөлүмүнүн жетекчиси эсептелет, экинчи орун басары болуп жарандык коомчулуктун өкүлү саналат.
Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- айыл өкмөт башчылары, аймактык коомдук кеңештер жана муниципалдык аймактык башкармалыктар (шаарларда);
- жергиликтүү кеңештердин депутаттары (макулдашуу боюнча);
- билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү;
- жарандык коомчулуктун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча);
- эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү, Комиссиянын катчы.
2. Комиссия гуманитардык жардамды жакырчылык деңгээлин, жөлөкпул алуучулардын санын, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү, ошондой эле ушул аймакта жашаган гуманитардык жардамга муктаж болгон башка жарандарды эске алуу менен айыл өкмөттөр жана шаарлар боюнча бөлүштүрөт.
3. Комиссия гуманитардык жардамды өз убагында жана даректүү бөлүштүрүү (берүү) үчүн жоопкерчилик тартат.
4. Гуманитардык жардам, гуманитардык жардам алуу ведомостун (мындан ары - Ведомость) милдеттүү түрдө тариздөө менен тиркемеге ылайык форма боюнча бөлүштүрүлөт.
5. Ведомосттогу графалар гуманитардык жардам алуучунун сөздөрүнө ылайык төмөнкүдөй тартипте толтурулат:
- аты-жөнү, иш жүзүндө жашаган дареги (кыскартылбастан толук жазылат);
- эскертүүдө төмөнкү маалыматтар белгиленет:
"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алуучу болуп эсептелеби;
ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам болуп саналабы;
гуманитардык жардам алуучунун социалдык паспорту барбы;
турмуштук оор кырдаалда турган уй-бүлөнүн мүчөсү болуп эсептелеби (үй-бүлөнү жекече өнүктүрүү планы) ж.б.;
мында тастыктоочу документтер суралбайт.
6. Ведомосттун түп нускасы райондор аралык (райондук) эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгына өткөрүп берилет, тиркеменин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү бир нускадан райондук мамлекеттик администрацияга (мэрияга), экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча аймактык органга жана көчүрмөнүн бир нускасы айыл өкмөтүндө сакталат.
7. Учурдагы/өткөн айда жардам алган же "Жумуштун ордуна азык-түлүк" схемасы боюнча БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын долбооруна катышып, азык-түлүк алуучулардын тизмесине кирген жарандар гуманитардык жардам алуучулардын тизмесине киргизилбейт.
8. Башка гуманитардык уюмдар/бизнес-коомчулуктар аркылуу үй-бүлөгө жардам көрсөтүлгөн учурда мурда берилген гуманитардык жардамдын көлөмү эсепке алынат.
|
| Гуманитардык жардам бөлүштүрүү тартибине тиркеме |
Форма
______________________ облусунун _____________________ районундагы _______________ айыл өкмөтүнүн тургундарынын гуманитардык жардам алуу ВЕДОМОСТУ
Бөлүштүрүү датасы: ______________________________
Гуманитардык жардамдын түрү: ____________________
Өлчөө бирдиги: __________________________________
№ | Аты-жөнү (толугу менен, кыскартуусуз) | Туулган датасы | Иш жүзүндө жашаган дареги | Чогу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны | Алынган азык-түлүк жардамдын саны | Алгандыгы жөнүндө белги | Эскертүү (статус) | ||||
"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алуучу | Социалдык жөлөкпул алуучулар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү . адамдар | Социалдык паспорттун болушу | Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлө | Жумушсуз | |||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 |
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
|
| 3-тиркеме |
Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү жөнүндө МААЛЫМАТ
Облустун/райондун/шаардын аталышы | Унду бөлүштүрүү (кап менен) | Унду бөлүштүрүү (тонна менен) |
Баткен облусу | 11710 | 585,5 |
Баткен району | 4961 | 248,05 |
Кызыл-Кыя шаары | 417 | 20,85 |
Сүлүктү шаары | 256 | 12,8 |
Кадамжай району | 3988 | 199,4 |
Лейлек району | 2088 | 104,4 |
Бишкек шаары | 6000 | 300,0 |
Ош шаары | 2600 | 130,0 |
Жалал-Абад облусу | 34466 | 1723,3 |
Аксы району | 6232 | 311,6 |
Ала-Бука району | 4071 | 203,55 |
Базар-Коргон району | 6239 | 311,95 |
Жалал-Абад шаары | 662 | 33,1 |
Кара-Көл шаары | 169 | 8,45 |
Көк-Жаңгак шаары | 303 | 15,15 |
Майлуу-Суу шаары | 49 | 2,45 |
Таш-Көмүр шаары | 466 | 23,3 |
Ноокен району | 1279 | 63,95 |
Сузак району | 9125 | 456,25 |
Тогуз-Торо району | 923 | 46,15 |
Токтогул району | 3678 | 183,9 |
Чаткал району | 1270 | 63,5 |
Ысык-Көл облусу | 5352 | 267,6 |
Ак-Суу району | 775 | 38,75 |
Балыкчы шаары | 301 | 15,05 |
Каракол шаары | 219 | 10,95 |
Жети-Өгүз району | 1640 | 82 |
Ысык-Көл району | 603 | 30,15 |
Тоң району | 689 | 34,45 |
Түп району | 1125 | 56,25 |
Нарын облусу | 5622 | 281,1 |
Ак-Талаа району | 1035 | 51,75 |
Ат-Башы району | 1408 | 70,4 |
Жумгал району | 1011 | 50,55 |
Кочкор району | 682 | 34,1 |
Нарын району | 1486 | 74,3 |
Ош облусу | 26501 | 1325,05 |
Алай району | 2899 | 144,95 |
Араван району | 2506 | 125,3 |
Кара-Кулжа району | 2434 | 121,7 |
Кара-Суу району | 4610 | 230,5 |
Ноокат району | 8037 | 401,85 |
Өзгөн району | 4174 | 208,7 |
Чоң-Алай району | 1841 | 92,05 |
Талас облусу | 5898 | 294,9 |
Бакай-Ата району | 1147 | 57,35 |
Кара-Буура району | 2126 | 106,3 |
Манас району | 583 | 29,15 |
Талас району | 2042 | 102,1 |
Чүй облусу | 1851 | 92,55 |
Аламүдүн району | 247 | 12,35 |
Жайыл району | 268 | 13,4 |
Кемин району | 103 | 5,15 |
Москва району | 148 | 7,4 |
Панфилов району | 243 | 12,15 |
Сокулук району | 296 | 14,8 |
Чүй району | 129 | 6,45 |
Ысык-Ата району | 417 | 20,85 |
Бардыгы: | 100000 | 5000 |
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
РАСПОРЯЖЕНИЕ

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-апрелиндеги № 122-б буйругунун редакциясына ылайык)
Облустун/райондун/шаардын аталышы | Унду бөлүштүрүү (кап менен) | Унду бөлүштүрүү (тонна менен) |
Баткен облусу | 11710 | 585,5 |
Баткен району | 4961 | 248,05 |
Кызыл-Кыя шаары | 417 | 20,85 |
Сүлүктү шаары | 256 | 12,8 |
Кадамжай району | 3988 | 199,4 |
Лейлек району | 2088 | 104,4 |
Бишкек шаары | 6000 | 300,0 |
Ош шаары | 2600 | 130,0 |
Жалал-Абад облусу | 34466 | 1723,3 |
Аксы району | 6232 | 311,6 |
Ала-Бука району | 4071 | 203,55 |
Базар-Коргон району | 6239 | 311,95 |
Жалал-Абад шаары | 662 | 33,1 |
Кара-Көл шаары | 169 | 8,45 |
Көк-Жаңгак шаары | 303 | 15,15 |
Майлуу-Суу шаары | 49 | 2,45 |
Таш-Көмүр шаары | 466 | 23,3 |
Ноокен району | 1279 | 63,95 |
Сузак району | 9125 | 456,25 |
Тогуз-Торо району | 923 | 46,15 |
Токтогул району | 3678 | 183,9 |
Чаткал району | 1270 | 63,5 |
Ысык-Көл облусу | 5352 | 267,6 |
Ак-Суу району | 775 | 38,75 |
Балыкчы шаары | 301 | 15,05 |
Каракол шаары | 619 | 30,95 |
Жети-Өгүз району | 1240 | 62 |
Ысык-Көл району | 603 | 30,15 |
Тоң району | 689 | 34,45 |
Түп району | 1125 | 56,25 |
Нарын облусу | 5622 | 281,1 |
Ак-Талаа району | 1035 | 51,75 |
Ат-Башы району | 1408 | 70,4 |
Жумгал району | 1011 | 50,55 |
Кочкор району | 682 | 34,1 |
Нарын району | 1486 | 74,3 |
Ош облусу | 26501 | 1325,05 |
Алай району | 2899 | 144,95 |
Араван району | 2506 | 125,3 |
Кара-Кулжа району | 2434 | 121,7 |
Кара-Суу району | 4610 | 230,5 |
Ноокат району | 8037 | 401,85 |
Өзгөн району | 4174 | 208,7 |
Чоң-Алай району | 1841 | 92,05 |
Талас облусу | 5898 | 294,9 |
Бакай-Ата району | 1147 | 57,35 |
Кара-Буура району | 2126 | 106,3 |
Манас району | 583 | 29,15 |
Талас району | 2042 | 102,1 |
Чүй облусу | 1851 | 92,55 |
Аламүдүн району | 247 | 12,35 |
Жайыл району | 268 | 13,4 |
Кемин району | 103 | 5,15 |
Москва району | 148 | 7,4 |
Панфилов району | 243 | 12,15 |
Сокулук району | 296 | 14,8 |
Чүй району | 129 | 6,45 |
Ысык-Ата району | 417 | 20,85 |
Бардыгы: | 100000 | 5000 |